Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чара Үркүндөгү окуяларды сахналаштыруу менен коштолуп, ар кандай ырлар айтылды. Ырларда адамдардын кандай азаптарды чеккени, ачкачылыктан өлгөндөрү, суукта кантип тоңгону, аска-зоолордон учуп өлгөнү жөнүндө баяндалды.
Мектептин музыка мугалими Гүлзада Алимбаева «Бул иш-чараны даярдоо түйшүктүү болду, азыркы окуучуларга тарыхты түшүндүрүү кыйын болду. Тарыхый адабияттарды окуп, аларга түшүндүрүү иштери болду» деп айтып өттү.
Мектептин 7-классынын окуучусу Нурмира Садирали кызы «Иш-чара аркылуу көп нерсени билип алдык деп ойлойм» деди.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн