Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Ага үч айылдын алты улакчылар тобу катышып, Ичке-Суунун командасы баш байгени алды.
Улак оюнун Чоң-Тогузбай айылынын тургундары уюштурган. Чоң-Тогузбай командасынын капитаны Каныбек Муканбетовдун айтымында, оюн ай сайын өтүп турат.
«Демөөрчүлөргө ыразычылыгымды билгизем. Бул оюнду уюштууруга 12-13 миң сомдой акча кетти», — деп билдирди Муканбетов.
Жыйырма жылдан бери көк бөрү оюнун ойноп келген жана азыркы мелдешке да катышкан айылдын тургуну Мурат Жайсамбаев «Бүгүнкү оюнга алты команда келди. Чоң оюндарда төрт-беш орун берилет, айыл жергесинде үч орунга чейин болот. 1-орун 5000 сом, 2-орун 3000, 3-орун 1000 берилди», — деп айтты.
Оюнга күбө болгон Майрамбек Суранов улак тартыш кызуу жүргөнүн айтат.
«Бир командада 12-13 оюнчу ойнойт. Оюн мага абдан жакты. 1-орунду Ичке-Суу командасы алды, 2-орунду Арал командасы, үчүнчүнү болсо Чоң-Тогузбай командасы алды», — деп билдирди Суранов.
Даярдаган: Нурзада Бекенова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды