Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Жанат Садыров беш жыл бою алып-сатар болуп иштеп, үй жайын оңдоп, чоң машина сатып алган. Жума сайын жекшемби күндөрү мал базарга барып, соода менен алектенет.
Жөнөкөй жана оор жумушта иштеген Садыров өз бизнеси жөнүндө айтып берди.
Алып-сатар Жанат Садыров «негизи бул бизнес оор, малды байлап, суу чөбүн өз убагында берип, туура багуу керек» дейт. Садыров мындан ары дагы аракет кылып бизнесин өнүктүүрүсүн айтып өттү.
“Мен алып-сатарлыкты кой менен баштагам. Мал ташып жана өзүмдүкүн да чогуу салып жүрчүмүн. 5-10дон мал алып бардым. Азыр мына бодо мал менен иштей баштадым. Биринчи баштаганда ичкен тамак-ашка гана жетчү, азыр шүгүр. Акча тапканда кеде 100 сом түшөт, кээде 5000 сомго чейин табуу мүмкүн болот. Айылдын малын алганда кээ биринин справкасы жок болот, кээ бири оорулуу оор эле болот”, — дейт Садыров.
Айыл тургуну Алтынбек Сокеевдин айтымында, Жанат үлгүлуү туруш жүрүшү менен айырмаланат. Ошон үчүн Жанат өнүккөнүн айтып өттү.
Садыровдун кесиптеши Талант Супакеев жаңы иштей баштаганда шарт жок болчу, эми гана шарт түзүлүп калды дейт.
“Мен Жанат менен беш жылдан бери иштеп келем. Ал мага өтө жакшы кесиптеш. Эми жакында малды көптөн байласак дейм. Кудай бергенин көрөбүз”, — деп билдирди Супакеев.
Даярдаган: Салават Жангабылов
Редактор: Айгерим Кубатбекова
Сынак үчүн