Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде акыркы коңгуро салтанаты болуп өттү. Бул салтанатта мектеп бүтүрүчүлөрү агай- эжейлерди 11-жыл окутуп өстүргөнүнө ыразычылык билдиришти. Мектепти 10-жыл мурун бүтүргөн окучулар кайрадан мектептин босогосун баскысы келгенин айтышты.
Чоң-Тогузбай айылынын мектеп директору Эркинбек Садыровдун айтымында, окуучулар жылды жыкшы өткөрүп аякташты.
“Мен бүтүрүчүлөргө кааларым узун өмүр, анан ЖРТдан жакшы бал алып, жогорку окуу жайларга өтүп, ийгиликтерди багындырып, чыгаан балдардан кыздардан болуп чыгарын каалайт элем. Келген 10-жылдыктардын да жолу ачык болуп аман-эсен болсун”, — деп билдирди Садыров.
Мектеп окуучусу Алина Разыкованын айтымында, 10 жылдыктар мектептин китепканасына китептерди, спортко топторду тапшырышты.
“Окуучуларга акыркы коңгуроодо ар кандай стипендияларды, грамоталарды жана белектерди тапшырды, окуудагы жетишкендиктер үчүн, спорттон жана коомдук иштерге активдүү катышкандар үчүн деп ар кандай сыйлыктар берилди. Аягында комуз жана бий менен коштолду”, — дейт Разыкова.
Даярдаган: Салават Жангабылов
Сынак үчүн