«Ар бир кызмат адам көңүлүнө из калтырат» дегендей Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин директору Арзыгүл Шарабидиновага бул кызмат көңүлүнө кандай из калтыргандыгы тууралуу маек курдук.
Саламатсызбы Арзыгүл Шарабидиновна? Бул мектепке келип иштөөңүзгө эмне себеп болду? Тааныбаган жерге келип иштөөдөн чочулаган жоксузбу?
— Саламатчылык, жок чочулаган жокмун. Менин билимим, тажрыйбам мектептин директору болуп иштөөгө жетишет деп ойлоп, ушул кызматка келдим. Башка жакын жерден жумуш чыкса жакшы болмок, бирок туз-насип буюрду окшойт, Учкунга келип иштеп калдым.
Биздин айыл, мектеп, коллектив эмнеси менен жакты? Эгер көңүлүңүзгө туура келбеген болсо мынча убакыт турбайт элеңиз. Жаккан үчүн жүрөсүз го деп ойлойм?
— Иштөөнүн өзү эле ырахат, иши жок үйдө олтура албайм. Албетте, коллектив абдан жакты, себеби жарым сөз менен айтсаң эле ары жагын түшүнүшөт. Ойлогон оюмду андан ары улантып кетишет. Коллективдин потенциалы абдан күчтүү. Айыл тургундары да карпайым, жөнөкөй адамдар экен. Бир жыл көнбөй жүрдүм. Ал эми азыр мага кетиш өтө кыйын болуп баратат.
«Иш кызуу кайнаган жерде гана интрига болбойт» дешет. Эгерде тартип, көзөмөл жок болсо, албетте ар ким каалаганын жасайт. Иштин эффективдүү жүрүшү үчүн кандай критерийлерге басым жасап жатасыз?
— Негизи көп нерсе жетекчиге жараша болот. Коллектив болгондон кийин бири-бири менен ымалашаш топтор да болот. Чоң коллектив болгондон кийин бир кишиге баш ийиш өтө кыйын. Бирок мен ойлойм адам түз, ар бир сөзгө кирише бербей, өзүн калыстык менен алып жүрсө эле иш ийгиликтүү болот деген жыйынтыкка келдим. Ушактан алыс болуп, калыс, түз, так жүрсөң гана иштин эффективдүү жүрүшүнө алып келерин түшүндүм.
Бул кызмат сизди өзгөртө алдыбы?
— Мен мурда эле өзгөргөм. Адамдарды турмуш өзгөртөт экен. Жетекчилик кызмат мени өзгөрткөн жок. Мурун кандай болсом, азыр деле ошондоймун. — Таанышынын колдоосу менен кызматка келип, бирок эч пайда келтирбей жүргөн кызматкерлерге кандай көз караштасыз? — Ар бир келген жетекчи кандайдыр бир жыйынтык чыгаргысы келет болуш керек. Андай жол менен келип, иштебей басып жүргөндөргө мен кезиге элекмин.
Тоскоолдуктарды кантип жеңесиз?
— Иште сөзсүз түрдө тоскоолдуктар болот. Аны акыл калчап, токтоолук менен жеңиш керек го деп ойлойм. Тоскоолдуктарды жеңип келе жатам.
Бул кызматта дагы канча убак эмгектенесиз?
— Биринчи жылы келгенде, которулуп же башка жакка кетким келгендир, азыр болсо андай ой жок. Бирок мен кесибимди таптакыр башкага алмаштырсамбы деген оюм бар. Оңой жашка деле келген жокмун, ошентсе деле башка кесипке кеткенге аракет жасап жүрөм.
Биздин мектепке дагы кандай ийгиликтерди алып келсем деген оюңуз бар?
— Мен келгенден баштап эле интерактивдүү доска алып берсем деген ойдомун. Мугалимдер да компьютерди жакшы билишет экен. Бул досканы да колдоно алышат деген ойдомун. Жок дегенде ушул оюмду ишке ашырып кетсем деген тилегим бар.
Тилегиңиздин орундалышына тилектешмин. Маегиңизге чоң ырахмат!
Даярдаган: Мунар Курманова