Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Сагындык Муканбетов ээр жасап өз үй-бүлөөсүн багат. Муканбектов бул өнөр менен жыйырма жылдан бери алектенип келатат.
Сагындык Муканбетов ээрди жөнөкөй адам жасай бербейт дейт. Ал өз өнөрү боюнча буларды айтып берди:

— Мен бул жумуш менен негизи бала кезден бери алектенем. Такай кармаганым жыйырма жыл болду. «Жигитовка» деген ээрди бир жуманын ичинде жасаса болот. Бир ээрдин баасын 6-7 миң сомдун тегерегинде сатабыз. Чарбачылыкка токула турганы — 1500 сом, улактыкы — 4 миң сом. Бул ээрлерди незинен айылга Миң-Булактык жигит алып келген, өзү улакчы, каскадёр бала болчу. Ошондон биз үйрөнүп алганбыз. Эми ээрди баары жасай башташты.

Ал эми Сагындык абанын жубайы Эркингүл Абдыралиева четте турбастан жолдошуна көмөк көрсөтөөрүн айтат.

— Мен жолдошумдун ээр жасашына көз карашым түз, ал эле эмес мен да жолдошумдун жумушуна жардам берем. Жүгөн, тердик, куюшкан, көмөлдүрүктөрүн тигип турам. Жолдошум экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 20 жыл болду. Ошонун ичинде алты баланы тарбияладык. Бул ээр жасоо үй-бүлөөлүк жумушка айланды.

Айыл тургуну Мелис Солтонооевдин айтымында, Сагындык ата ээр жасоонун чебери. Ал айылдашынын устакана ачып алышын каалаганын айтып өттү.
— Менин оюмча келечеги кең, эгерде суроо-талап болсо. Мындан сырткары өзүнүн устаканасын ачып алса абдан жакшы болот, Сагындыктын колунан баары келет. Камчы, жүгөн бүт ат жабдыктарын жасайт.
Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн