Түп районуна караштуу Токтоян айылынын ФАО жааматы “Айымдарга ыр десте” аттуу концерт өткөрүштү. Концертти аталган уюмдун мырзалары уюштуруп, келе жаткан айымдарын эл аралык күнүнө арнады.
Концерттин негизин бий жана ырлар түзүп, соңунда айыл өкмөт башчысы Курманбек Кайыков ФАО уюмуна 2000 сом тапшырды.

ФАО уюмунун жетекчиси Болотова Анара:
“Бүгүн биздин ФАО уюмунун мырзалары айымдарга арналган концертин сунушташты. ФАО уюмунда жалпысынан он эки бала эмгектенет жана бүгүн алардын бардыгы толук катышып беришти. Бул концерт абдан жакшы өттү деген ойдомун”.
Концерт уюштуруучуларынын бири Канат Асанакунов:
“Биз эки жылдан бери уюшулуп, иштеп келебиз. Бүгүнкү иш-чарабыз айымдарга арналган эң алгачкы концерт болду. Концерттин өзгөчөлүгү — мурда ырдабаган, бийлебеген айыл тургундарыбыз өз таланттарын көрсөтүштү”.

Токтоян айылынын тургуну Айнагүл Жайсаңбаева “ФАО уюмундагы мырзалар бүгүн айымдарга арнап абдан жакшы концерт коюп, бизге жакшы маанай тартуулашты” деди.

Айыл тургуну жана ФАО уюмунун мүчөсү Гүлбара Шаршекеева концерт тууралуу өз оюн төмөндөгүчө билдирди.
“Биздин уюмдун мырзалары абдан таланттуу экен. Ар бир берилген номерди жакшы, жеткире аткарып жатышты. Бизди бүгүн атайын конокко чакырып, өз сыйларын көрсөтүп жатышат”, — деди Шаршекеева.
Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн