Айымдардын эл аралык майрамына карата Нарын районуна караштуу Куланак айылында “Өнөрлүү кыздар” сынагы болду. Ага мектеп окуучулары катышып, 9-классынын окуучулары жеңишке жетти.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинде өткөрүлгөн сынакка 8-11-класстарынын окуучулары катышышты. 3-орунду 8а-классынын окуучулары, 2-орунду 8б жана 9а-класстарынын окуучулары алып, ал эми 1-орунга 9б-классынын окуучулары татыктуу болушту.

Мектебинин кол эмгек мугалими Гүлмира Усукеева сынак тууралуу буларды айтты.
«Биздин мектепте 8-март айымдардын майрамына карата 8-9-10-11-класстар арасында “Өнөрлүү кыздар” сынагы болду, окуучуларыбыз абдан жакшы даярданышыптыр Негизи мындай конкурс жылга болуп турат, мындан кийин дагы болуп турат деген үмүттөмүн», — деди Усукеева.
Сынакта ар бир катышуучу эне жөнундө ырларды ырдап беришти.
Сынакта саламдашуу, жеке номер, кол өнөрчүлүк, үй тапшырма жана башка программалар боюнча кыздар өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул конкурска ар бир класстан экиден окуучу, жалпы 12 окуучу катышты.

9-класстын окуучусу Айжаркын Абдырахманова:
“Бул конкурска алты команда катышып, алардын арасынан биздин команда 2-орунду алдык.Калыстар тобу жакшы эле чечим чыгарышты деп ойлойм”.

Бул кыздардын сынагына айыл тургундары дагы келип күбө болушту. Алардын бири Гүлай Исагалиева:

«Ушундай сынактар дайыма болуп туруусун каалайм. Мен жыл сайын ушундай конкурстарды келип көрүп турам», — деди ал.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн