Ооган-Талаа айылындагы тиш доктур Романов Эламан. ЖМБнын кабарчылары сиздер менен болмокчу
Бүгункү күндө Ооган-Талаа айылында тиш дарылоо бөлүмүнө жаны, жаш кадр келип элге кызмат кылууда. Келгенине 1 эле жыл болгонуна карабастан талыкпай эмгектенип келет.
-Саламатсызбы! Өзүнүздү тааныштырып кетсениз?
-Саламатчылык! Менин атым Эламан Романов. Көк-Алма айылынын тургунумун 1993-жылы 23 июнда төрөлгөм.
— Сиздин бул кесипке кызыгуунузга ким себеп болгон?
-Мен бул кесипти тандоомо ак халат кийген врачтарды көргөндө кызыгуум ашып,атама айтанымда мени колдоп, Жалал-Абад медициналык окуу жайына окууга тапшырдым.
-Сиз окуу жайын бүтүргөндөн кийин эмгек жолунузду кайсыл жерден баштадыныз?
-Мен окуумду бүтүрүп эмгек жолумду Арсланбоб айылындагы ооруканадагы тиш дарылоо бөлүмүнөн баштадым. Ал жакта бир жыл иштеп, анан ооган-Талаа айылына которулуп иштеп жатам.
-Бул иштеп жаткан бөлмөнү ижарага алгансызбы же өзүңүздүкүбү?
-Мен азыр бул бөлмөдө убактылуу гана иштеп жатам.
-келечекте кандай пландарыңыз бар?
-Мен эми келечекте бир стамотология куруп ушул элдерге жардам берсемби деп жатам.
-Сизди жаш кадр деп элдер чоочулаган учур болбодубу?
-Мени биринчи окууну бүтүп келгенде элдер менден чоочулап жүрүштү. Жаш кандай даарылайт деп, азыр болсо менин профессионалдык денгээлимди көрүшүп ишеним артып, кайрылгандардын саны көп болууда»-деп билдирди Романов.
-Бул кесип менен дагы канча алектенесиз?
-Кудай буйрйса көп эле алектенем дегенүмүттөмүн.
-Ишинизге ийгилик дайыма элдин кызматында болуп жүрө бериниз.
-Рахмат!
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канатбек уулу
Сынак учүн