Быйылкы кыш оор болгондугуна байланыштуу Ооган-Талаа айылындагы милиция бөлүмүнүн имаратынын чатыры кулап түшкөн.ЖМБдун кабарчылары сиздер менен болмокчу.
Милиция бөлүмүнун кызматкери Сатаров Илгиздин айтымында: имарат эскилигине жетсе да биз бул жерде иштеп жатканбыз. Бирок быйылкы жылы кар оор түшүп, имараттын чатыры кулап түштү деп оз оюн билдирди.
Ал эми айыл өкмөт башчысы Турдукулов Эркиндин айтымында: Бул имарат негизинен доктурдун бир бөлмөсү болчу 3-4жылдан бери абалы начарлап калган эле быйылкы кыш оор болгондуктан таптакыр иштен чыгып калды. Имараттын салынганына 25жылдан ашты ошондон бери элге кызмат кылып келүүдө .
Биз азыркы учурда Ооган-талаа айылына келип-кетип иштеп жатабыз жаңы иш кана курулуп калса аябай жакшы болот эле, бул жерде азыркы учурда эки милиция иштеп жатабыз деп өз оюн билдири — Сатаров.
Быйылкы жылы бул имаратты бузуп жаңы салып бүтүрөбүз деп жатабыз акчасын болсо айыл өкмөттүн фондунан алабыз деп айтты айыл өкмөт башчысы — Турдукулов.
Автору: Тимурлан Мелис уулу
Редактору: Адилет Канатбек уулу
Сынак үчүн