Үч-Коргондогу Сууну пайдалануучулар Ассоциациясынын жетекчилери 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчетторун тапшырышкан.
Өткөрүлгөн жыйында Үч-Коргон айылында бүгүнкү күнү негизги көйгөйлөрдүн бири, суу боюнча талкуу жүрүп, Исфайрам дарыясынан казылып жаткан топурактар жана анын кесепеттери боюнча жергиликтүү эл өкүлдөрү токтолуп, аткарылып жаткан иштер боюнча отчетторун берип өтүштү.
Суу пайдалануучулар Ассоциациясынын жетекчиси Файзулло Сайдуллаевдин айтымына караганда Исфайрам дарыясы казылышы токтотулбаса дарыянын суусу коңушу Өзбекстан тарапка тартылып, элге суу жетишсиз болуп барууда.
“Үч-Коргон айылында негизги көйгөй болуп тураган Исфайрам дарыясы анткени мен жакшы билем жаш кезимде Исфайрамдын суусунун асты бетондолгондой эле, бүгүнкү күнү абал ушундай аянычтуу болуп турат. Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жаңы жергиликтүү депутаттар дайындалды бирок, алар кандай иштешет убакыт көрсөтөт. Бир токтомго келип жылдык бюджетти бекитип жатышкан учурда Исфайрамды да маселесин чечүүгө жардам беришсе жакшы болмок”,- дейт Файзуллаев.

Маалымат катары айта турган болсок Үч-Коргондогу Исфайрам дарыясынан бир гана айыл аймагы эмес, Кызыл-Кыя шаарынын тургундары да пайдаланышат.
Үч-Коргон айылынын тургуну Жалалов Жолдошбектин бүгүнкү жыйындан канааттанбагдыгын айтат.
“Мен бүгүнкү жыйында такыр канааттанган жокмун анткени эл өкүлдөрү ар жылы аткарган иштери боюнча отчетторду беришет бирок, жыйынтык күтүлгөндөй болбойт. Элдин көйгөйүн толук кандуу чечип беришпейт. Бүгүнкү күнү минтип эл коркунучта турат. Бир эле айыл өкмөтүнө карабастан биз да акча чогултуп ремонттолуучу жерди оңдоодон өткөрүшүбүз керек анткени, бул нерсеге кайдыгер карап болбойт”, — дейт айыл тургуну Жалалов.
Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн мүчөлөрү, айыл активдери, ак сакалдар да сөз сүйлөп көйгөйдү оңой чечүү жолдорун карап чыгышкан.
Жыйындын жршндө Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айыл тургундары да өздөрүнүн бир топ сунуш пикирлерин, көйгөйлүү маселелерди
айтып өтүшкөн.

Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн: ИХ