Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин китепканасы китептер менен жаңыланды. Китептер «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында таратылып берилген.
Китепканачы Асылкүл Абдраеванын айтымында, мурда китепканага мындай китептер келген эмес.

«Китепканада иштегениме бир топ эле жыл болду, бирок бизде мындай адабий китептер келген эмес. 123 китеп келди. Бул китептер аябай жакшы экен, сапаттуу дагы. Башталгыч классынын окуучулары үчүн келди. Китептерди USAID “Бирге окуйбуз” долбоору башталгыч классынын окуучулары үчүн кыргыз тилиндеги китептерди чыгарып жатат», — деп билдирди Абдраева.
Жаңы алынып келинген китептердин арасында жомоктор, окуялар, табышмактар жана жаңылмачтарды камтыган китептер бар. Китептер башталгыч классынын окуучуларынын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында берилүүдө.

«Буга чейин башталгыч классынын окуучулары китептерди алып окушчу, кийин тандоосуна ылайыктуу китептерди бере албай калганбыз. Буюрса жакшы китептер келди, баары номерленип, окуучуларга таратылып бериле баштайт”, — деп кошумчалады Абдраева.
USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун Нарын облусу боюнча коомчулук менен иштөө боюнча кызматкери Токтогүл Усукеева бул долбоор эки жылдан бери уланып келатканын, ошондой эле быйыл аяктаарын айтып өттү.

«Биздин долбоор USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоору. Кыргызстанга 2013-жылы келген. Быйылкы 2017-окуу жылы менен аяктайт. Нарын облусу менен биз эки жылдан бери иштешип келе жатабыз. Эки жылдан бери Нарын облусунун 144 мектебинин 97 мектеби менен иш алып бардык. Башталгыч классынын муглимдерине семинар өткөрүп, методикалык ыкмаларды үйрөтүп, класстан тышкаркы иштер боюнча дагы иш- чараларды өткөдүк. Бүгүнкү күндө иш-чаралар аябай жакшы жыйынтыгын берип жатышат. Ата-энелер аябай активдүү болууда», — деп билдирди Усукеева.
Ал бул иштерди мындан ары мугалимдер, мектеп жетекчилери алып кетет деген ойдо.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн