Эмил Назиров Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылынан чыккан таланттуу ырчы. Ал эки жылдан бери гитара менен ырдайт.
Эмил кайсы ырды укса, ошол ырга гитараны күүлөп ырдап кете берет. Гитара анын жан дүйнөсү болуп калганын айтат ал.

Ал азыркы убакта Ташиев атындагы орто мектепте 11-классында билим алууда.
«Мен гитара черткен сайын кайра-кайра чертким келе берет. Мен ар түрдү сынактарга катышкам. Гитара менен өзбек, түрк, орус, казак, индия ошондой эле кыргыз тилиндеги ырларды ырдайм. Келечекте чоң бизнесмен болгум келет», — деди Эмил Назиров.
Автору: Мамырбек Мамырканов
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн