Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылында жарандык журналистика боюнча сабак өтүлдү. Аны Ооган-Талаа жаматтык мультимедиа борборунун кабарчы-ыктярчылары өтүштү.


Ооган-Талаа айылынан барган кабарчы Заирбек Таирбек уулунун айтымында, Кызыл-Үңкүр айылынан атайын чакырышып, журналистика боюнча сабак өтүп берүүсүн өтүнгөн.
«Окуучулар өздөрү кызыгышып бизди чакырышты. Биз эки күн 18 окуучуга сабак өтүк. Алар 7-8-9-10-классынын окуучулары. Биз биринчи күнү онлайн журналистика боюнча толук таныштырып өтүк. Экинчи күнү практикага балдарды жибердик», — деди ал.

Кызыл-Үңкүр айылында 10-класста окуган Уулкыз Абазбекова журналистикага кызыгып жүргөнүн, Ооган-Талаадан кабарчылар келип сабак өткөндөн кийин керектүү маалыматтарды ала алганын айтат.
«Бизге бул сабак аябай жакты. Биз бул сабакка кызыкканыбыздан келдик. Мен журналистика сабагына аябай кызыгат болчум. Ооган-Талаадан журналисттер келип окуткандан кийин андан да кызыгып калдым», — деп айтты Уулкыз.

«Биз бүгүндөн баштап дагы журналистика боюнча терең билим алгыбыз келет. Айылыбыздагы бардык жаңылыктарды сайттарга чыгарып айылыбызды өнүктүргүбүз келет», — деп кошумчалашты сабакка катышкан жаштар.
Автору: Эрмек Үсөн уулу, Расул Шайырбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн