Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 2016-жылдагы аткарылган иш-чаралар боюнча элдик жыйын болуп өттү. Ага Могол айыл аймагынын тургундары катышышты.
Бул жыйында Могол айыл аймагынын башчысы Эркинбек Турдукулов 2016-жылы жасаган иштеринин отчёту угузуп, элдин суроолоруна жооп берди.

Жыйынга Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа, Правда, Чкалов, Магал, Чарбак, Кара-Ой айылдарынын тургундары келип катышты.

Жыйынга ошондой эле Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов да катышып, жакында Ооган-Талаа айылында эки кабаттуу оорукананын курулушу башталаарын айтты.
Андан тышкары жыйында соцфонддун башчысы Камаган Рахманов сөз сүйлөп, пенсияга чыгаарда эмнелерди аткарыш керек экени жөнүндө кыскача маалымат бере кетти.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн