Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинин эжекелери арасында волейбол боюнча мелдеш өттү.
Мелдешке Могол айыл аймагындагы жети мектептен чакырылып, бирок алар келбегендиктен Далбаев мектебинин мугалимдери өздөрү төрт командага бөлүнүшүп, волейбол боюнча мелдеш өткөргөн. Алар: Бүркүт», «Ынтымак», «Шумкар» жана «Тулпар» командалары.
Бул оюндун байге фонду 2000 сомду түзүп, аны айыл өкмөтү каржылаган. 1-орунга 1000 сом, 2-орунга 500 сом, 3-орунга 300 сом берилген.
1-орунду алган «Бүркүт» командасынын катышуучусу Гүлназ Камбарали кызы «бул оюн абдан жакшы өттү. Мага жакты. Дагы ушундай кызыктуу оюндарды уюштуруп турабыз» деп айтып өттү.
1-орунду «Бүркүт» командасы алса, 2-орунду «Тулпар» командасы, ал эми 3-орунду «Ынтымак» командасы алды.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн