Ноокат районунун Айбек айылында жаңы тигүү цех ачылганына беш айга жакын убакыт болуп калды. Анда 20дай кыз-келиндер жумуш менен камсыз болушкан.
Учурда бул тигүү цехи айыл башчынын үйүндө жайгашкан. Кийинчерээк цех үчүн атайын имарат курулганда ошол жакка көчүрүлмөкчү.


Тигүү машиналарын үч миллион сомго алып келишкен. Цехте 15-20 кыз-келин иштешет. Алар кыздардын себин жана пардаларды тигишет.
Цехте иштегендерди бири Асия Эргешова үйүндө бекер отурбай эмгектенип бала-чакасын багып жаткандыгын айтты.

“Азырынча биз үйрөнчүк болуп иштеп атабыз, эми жакшы үйрөнүп алсак кийимдерди да тигип, өзүбүз да ушул жерден эле кийинебиз”, – дейт ал.
Даярдаган: Тинатин Тариэл кызы
Тренер: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн