Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө акысыз медициналык текшерүү жүрүп жатат. Элет элин акысыз текшерүү демилгесин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) 4-курсунун студенттери, Сумбула айыл өкүмөтүндөгү мектептердин бүтүрүүчүлөрү: Кожомкул Топчубай уулу, Исраил Эркинбек уулу, Кубанычбек Раззаков, Бабур Ниязовдор көтөрүп чыгып, ишке ашырышкан.
Студенттер баштаган топ менен медицина илимдеринин кандидаты, хирург Бакыт Осмоналиев, кан тамыр хирургу Элзар Токтоназаров, УЗИ функционалисти Жаныбек Калиев жана кардиолог-терапевт Аскар Абитов 25-март күнү келип, алгач текшерүүнү Сары-Дөбө айылынан башташты. Алар бир жума бою элдерди медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт.

Бул демилге алгач студенттерге кантип келгенин КММАнын 4-курсунун студенти Кубанычбек Раззаков баяндап берди.
«Биз хирургия сабагын өтүп жатканыбызда Бакыт Осмоналиев эхинококкоз, альвеококкоз жана башка оорулар тууралуу маалымат берди. Ушул оорулар алыскы аймактарда көп дегенинен биз студенттер өзүбүздун туулган жерге барып текшерүү жүргүзүп келели деп Бакыт Осмоналиевге сунуштасак, жакшы идея деп бизди колдоду.Ошондон кийин балдар менен кеңешип Элзар Токтоназаровго кайрылдык, ал УЗИ апаратураларына жана дарыгерлер курамын толуктоого жардамын көрсөттү», — деп билдирди Раззаков.

Хирург Элзар Токтоназаров кан-тамыр ооруларын изилдөөгө аракет кылып жатканын айтат.
«Негизи эле шаарга барып текшерүүдөн өтүү — бул кыйын. Ошондуктан 4-курстун студенттери биздин элибизге, жерибизге барып, элдин ден соолугун текшерип келели деп бизди алып келди. Мен кан тамыр адиси болгонума байланыштуу кан тамыр ооруларын издөөгө аракет кылып жатам. Бирок ичеги оорулар көп болду”, — деди Токтоназаров.
Сары-Дөбө айылынын тургуну Санабар Исакова эл кезектешип кирип, ден соолугун текшертип жатканын айтты.

«Айыл жеринде мындай адистер жок болгондуктан өзүбүздүн балдар атайын элдин ден соолугу үчүн шаардан дасыккан адистерди алып келип, бизди акысыз текшертип жатат. Учурда кезектешип, ынтымакта кирип текшеринип жатабыз. Ушундай демилгени көтөргөн балдарга айыл элинин атынан ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Окууларына иштерине ийгиликтерди каалайбыз», — деп айтып өттү айыл тургуну.
Студенттер тобунун мүчөсү, КММАнын стоматология факультетинин 4-курсунун студенти Исраил Эркинбек уулу демөөрчүлөргө раазычылыгын айтып өттү.

”Бизге колунан келген жардамын көрсөтүп, элдин ден соолугун ойлоп, кам көргөн шаарда иштеген демөөрчү ага-эжелерибизге ыраазычыгыбызды билдиребиз. Алардан кичине каражат топтоп, ошонун эсебинен айылга келип медициналык текшерүү өткөрүп жатабыз. Элибиз кубанып жатат», — деди Исраил Эркинбек уулу.
Даярдаган: Аймир Каныбекова
НЖ
Сынак үчүн