Ноокат районуна караштуу Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө иштеген аялдар ишембилик уюштуруп, имараттын кире беришине гүлдөрдү олтургузушту.
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Аида Жээнбаева:
— Биз олтургузуп жаткан бул гүлдөр айыл өкмөтүбүздүн көркүнө көрк кошуп конторабыздын алдын кооздоп турат. Олтургузуп жаткан гүлдөрүбүз баары карлик розалары.




Айыл өкмөттүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Айдангүл Сыдыкова:
— Бүгүнкү иш-чарада биз жалаң гана гүл олтургузбастан, кабинеттердин ичиндеги гүлдөрдүн да топурактарын төгүп, алмаштырып жаңылап жатабыз.
Даярдаган: Гүлкайыр Маматова
Редактору: Рысбек Маматов
Сынак үчүн