Жамааттык ЖМКлар Бирлиги тарабынан аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарлары болду. Максаты, элдин маалыматтык коопсуздугу, коомдук турмушта жана окуяларга карата сынчыл ой-жүгүртүүсүн өстүрүү болгон. Алдыда, семинарлардан кийин Ош облусунда орун алган жамааттык мультимедиа борборлорундагы өзгөрүүлөргө токтолобуз.
Март айында Жаматтык ЖМКлар бирлигинин 22 жамааттык мультимедиа борборлорунун координаторлору жана журналисттери медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына катышкан. Семинардын жыйынтыгында, ар бир медиа борбор өздөрү жайгашкан айылда медиа сабаттуулук семинарларын өтүшкөн.
Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрү үчүн окутуу Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Аталган семинарда катышуучулар фейк маалыматтар жана аларды аныктоо инструменттери, сынчыл ой-жүгүртүү, Баш мыйзам жана шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтардын кесепети тууралуу үйрөнүшкөн.
Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөндөн кийин өзүмдө дагы бир топ өзгөрүүлөр болду дейт Кеңеш-Нуру жамааттык мультимедиа борборунун журналисти Аймончок Кожонова.
Аймончок Кожнова: “Ким жалган маалымат жөнөтсө — бул фейк деп гана койбостон, эмнеге фейк экенин айтып, маалыматты аныктоо жолдорун дагы да үйрөтүп жатам. Шайлоо алдында талапкерлер тууралуу туугандар сүйлөшүп калдык. Анда, биздин туугандарыбыздан бирөө талапкерлигин коюп жаткан экен. Туугандар аны шайлоо тууралуу чакырык кылды. Бирок, мен анын программасы жок экенин айтып, программасы болсо окуп көрүп, чечим чыгаруу керектигин айттым. Шайлоодо туугандык мамиле үчүн аны шайлаган жокмун”.
Ал эми семинарга катышкан адамдарда дагы позитивдүү өзгөрүү болуп жаткандыгын Аймончок Кожонова баса белгиледи.
Аймончок Кожнова: “Айылдын көп эле WhatsApp тайпалары бар. Анда, тайпанын мүчөсү бир маалыматты жөнөткөн экен. Артынан эле башка мүчөлөр ал маалыматка анализ кылып, фейк деп жазып жатты. Бирөө эле эмес, бир канчасы жазганы мени кубандырды. Семинарда катышуучулардын басымдуу бөлүгү мыйзам жана шайлоо тууралуу көп маалыматы жок экенин айтышкан. Айта кетсек, 11-апрель жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосу менен бирге референдум дагы болбодубу. Ошондо Баш мыйзамдын жаңы редакциясы (ред: Баш мыйзамдын сунушталган редакциясы референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынды) тууралуу маалыматыбыз жок болгондуктан, “ооба” же “каршымын” дегенди белгиле десе, башка адамдардын пикирине макул боло бериптирмин, эми биздин добуштун маанилүүгүнө ынандым деп ыраазычылыктарын айткандар көп болду”.
Чынара Нурманова Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунун координатору. Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн семинар өз жемишин бере баштады дейт Чынара айым.
Чынара Нурманова: “Биздин иш-чарага катышкандардын басымдуу бөлүгү агартуу тармагында иш алып баргандар болду. Алар мектеп директорлору, педагогдор, окуу бөлүмүнүн башчылары болгондуктан, өздөрү иш алып барган мектептерине дагы жайылткан. Биздин медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөндөн кийин алар коомду медиа сабаттуу болууга үйрөтүү керектигин билдиришкен жана үч катышуучу өздөрүнүн мектептеринде да бул иш-чараны өткөрүштү”.
Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борбору өткөрүлгөн иш-чарадан кийин бизде окурмандардын саны гана эмес, айыл өкмөттүн дагы бизге көз-карашы өзгөрдү дейт.
Чынара Нурманова: “Буга чейин, Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борбору боюнча толук маалыматы жок болгондор дагы, иш-чарага катышкандан кийин биздин борборго болгон көз-карашы, ою өзгөрдү. Айыл өкмөттун дагы мамилеси өзгөрдү. Биздин борбордо канча ыктыярчы иш алып барып жатканын ошол семинарда көрүп, кантип иш алып барып жатканына күбө болушту. Биздин кабарчылар дагы бул семинардан кийин журналисттик деңгээли бир тепкичке жогорулады. Маалыматты салмактап, бейтарап чагылдырууга, фейк маалыматтарды аныктоону үйрөнүштү”.
Касиет Кубанычбек кызы
Медиа сабаттуулук семинарлары медиа борборлор менен элди дагы жакын кылды