2026-жылдын 24–26-март күндөрү жаштар үчүн медиа багытындагы атайын Bootcamp ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара “Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө!” долбоорунун алкагында уюштурулуп, жаштардын медиа сабаттуулугун жогорулатууга, жарандык активдүүлүгүн арттырууга жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Долбоор ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Аткаруучу уюм — Жамааттык ЖМКлар ассоциациясы, ал эми өнөктөшү — Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги болду.

Үч күнгө созулган медиа лагерге мектеп окуучулары, жаш активисттер жана медиага кызыккан жаштар катышып, билим берүүчү жана практикалык сессияларга активдүү аралашышты. Программа жарандык катышуу, гендердик теңчилик, инклюзия жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу актуалдуу темаларды камтыды.
Bootcampтин алгачкы күнү расмий ачылыш аземи менен башталып, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана жаштар кайрылуу сөздөрүн сүйлөштү. Андан соң катышуучулар интерактивдүү викториналарга катышып, жарандык катышуу боюнча билимдерин бекемдешти.

Экинчи күнү гендердик теңчилик жана инклюзия темасына арналган сессия өтүп, катышуучулар медиадагы стереотиптерди талдап, инклюзивдүү контент түзүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү.
Үчүнчү күнү климаттын өзгөрүшү жана жаштардын бул багыттагы ролу талкууланып, экологиялык темада медиа кампанияларды түзүү боюнча практикалык иштер жүргүзүлдү.

Bootcampтин жүрүшүндө катышуучулар үч негизги багыт боюнча билим алышты:
медиа жана маалыматтык сабаттуулук, критикалык ой жүгүртүү;
мобилдик журналистика жана видео тартуу/монтаж;
социалдык тармактар үчүн контент жаратуу жана сторителлинг.

Сессиялар интерактивдүү форматта өтүп, оюндар, мастер-класстар жана практикалык тапшырмалар менен коштолду. Катышуучулар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер менен түз баарлашып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Bootcampтин жыйынтыгында жаштар өздөрүнүн медиа долбоорлорун иштеп чыгып, сертификаттар менен сыйланышты. Ошондой эле мектептердеги медиа борборлорду өнүктүрүүгө багытталган ментордук программа тууралуу маалымат берилди.

Бул демилге жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна өбөлгө түзүп, жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү маалымат мейкиндигин калыптандырууда маанилүү кадам болуп калды.
Айгерим Кубатбекова