Айылдык маданият очогунда улуттук баалуулуктар менен заман көйгөйлөрү айкалышкан мазмундуу иш-чара өтүп, көрүүчүлөргө терең ой салган сахналык чыгармалар тартууланды.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы Кен-Суу маданият үйүндө маданият кызматкерлеринин демилгеси менен “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктиктин уңгу жолу” аталышындагы мазмундуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыгынын алкагында уюштурулуп, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана коомдук аң-сезимди көтөрүү максатын көздөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө терең ой салган таасирдүү эпизоддор тартууланды. Мындан тышкары, коомдогу орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон зордук-зомбулук темасы да четте калган жок. Аталган маселе боюнча даярдалган сценкалар аркылуу катышуучуларга тарбиялык мааниси зор билдирүүлөр жеткирилди.

Ошондой эле миграция маселесине байланыштуу “Мигранттын кызынын тагдыры” аттуу сахналык көрүнүш коюлуп, чет өлкөдө иштеп жүргөн ата-энелердин балдарынын тагдыры, алардын ички дүйнөсү чагылдырылды. Бул бөлүк көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбай, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Иш-чаранын көркүн комузчулардын күүлөрү ачып, бийчилердин улуттук бийлери шаң кошту. Жандуу аткаруулар жана сахналык чыгармалар аркылуу улуттук рух, маданий мурас жана коомдук жоопкерчилик темалары айкалышып, иш-чара жогорку деңгээлде, шаңдуу маанайда өттү.
Мындай иш-чаралар улуттук маданиятты сактоого, жаш муунга тарбия берүүгө жана коомдогу маанилүү маселелерге көңүл бурууга өбөлгө түзөрү шексиз. Иш-чараны уюштуруп өткөрүүдө Кең-Суу маданият үйүнүн кызматкерлери Сабира Сарыгулова менен Салтанат Абласованын эмгектери зор.

Даярдаган: Жасмина Мырзабекова