Бүгүн Ак-Талаа районунда «Дүйнөлүк бийиктик, улуттук дем, уңгу жол» саамалыктын жана «Кылмышсыз келечек» аталышта окуучулардын «Мектеп лигасы — 2026» спорттук мелдеши старт алды.


Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Сыдыковдун маалыматына караганда мелдешке райондогу жалпы 18 орто мектептин окуучулары катышууда. Анда, алар спорттун волейбол, баскетбол жана футбол боюнча күч сынашууда. Жеңүүчүлөр лиганын облустук туруна жолдомо алышат.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова