Март айында Жаматтык ЖМКлар бирлигинин 22 жамааттык мультимедиа борборлорунун координаторлору жана журналисттери медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына катышкан. Жыйынтыгында, медиа борборлор аймактарда медиа сабаттуулук семинарларын өтүшкөн. Баткен облусунда жайгашкан жамааттык мультимедиа борборлорунда кандай өзгөрүү болду?
Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарларын аймактарда өткөрүүдөгү максат, элдин маалыматтык коопсуздугу, коомдук турмушта жана окуяларга карата сынчыл ой-жүгүртүүсүн өстүрүү болгон.
Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрү үчүн окутуу Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Аталган семинарда катышуучулар фейк маалыматтар жана аларды аныктоо инструменттери, сынчыл ой-жүгүртүү, Баш мыйзам жана шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтардын кесепети тууралуу үйрөнүшкөн.
Абдураим Жураев Баткен облусунун Андарак айылында жайгашкан Сумбула жамааттык мультимедиа борборунун координатору. Абдураим мырза медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын айылыбызда өткөргөндөн кийин бир топ өзгөрүүлөр болду дейт Абдураим мырза.
Абдураим Жураев: “Мен Сумбула айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп эмгектенгендиктен, жергиликтүү кеңеш менен тыгыз кызматташтыкта болом. Бул ишиме байланыштуу дагы көп маалыматка ээ болдум. Шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтарды аныктоо, бөгөттөө тууралуу дагы кеңири маалымат алдым жана биздин айылдын тургундарына тарката алдым. Ошондой эле, жакында айыл өкмөттөрдү шайлоо башталат. Биз өткөргөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын пайдасы мына ушул учурда дагы өзгөчө билинет деп жатам. Азыртадан эле айыл ичинде фейк маалыматтарга ишенбей, сынчыл бололу, талапкерлердин программасын окуйлу деген сөздөр айтылып баштады”.
Сумбула жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн иш-чарага аталган борбордун ыктыярчылары дагы катышкан. Абдураим мырза, командабыздын деңгээли семинардын натыйжасы менен дагы бир тепкичке жогорулады дейт.
Абдураим Жураев: “Ошондой эле биздин иш-чарага ыктыярчыларыбыз катышты эле. Аларга дагы бул семинар пайдалуу болуп жатканына күбө болуудамын. Анткени, сайтыбызга материал жазууда жалган маалымат эмес бекен деп, анализ жүгүртүп калышты. Бул биздин командабыздын дагы бир тепкичке жогорулагандыгын билдирет”.
Ал эми Үч-Коргон жамааттык мультимедиа борборунун кооординатору Гульбахор Абдурахмонова медиа малыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөндөн кийин бул иш-чара дагы улантылып жаткандыгын баса белгиледи.
Гульбахор Абдурахмонова: “Биз семинар өткөндөн кийин катышуучулар анда колдонулган материалдарды сурашкан. Андан тышкары, Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы филиалы мени медиа сабаттуулук багытында семинар өтүп берүүгө чакырды. Мен башка иштериме байланыштуу бара алган жокмун. Бирок, биздин Үч-Коргон жамааттык мультимедиа борборунун атынан биздин өкүл катары Дильдора Рахмонова деген кызыбызды жөнөттүк. Дильдора менен бирге биздин иш-чаранын катышуучусу Кахромон Шакиров бирге барып, студенттерге жана мугалимдерге медиа сабаттуулук тууралуу семинар өттү. Медиа маалыматтык сабаттуулук иш-чарабыз ушундай жол менен дагы уланып жатканына кубанычта болдум”.
Касиет Кубанычбек кызы