Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы орто мектепти 1987-жылы бүтүргөндөр 30 жылдыкка чогулушту. Алар өз мектебинин бийчилер тобуна кыргыз көйнөктөрүн белек кылышты.
Бул демилгени мектепти 1987-жылы бүтүргөн кыз-келиндер колго алышып, айылдагы Сатыбалды Далбаев мектебинин бийчилер тобуна кыргыз көйнөктөрүн тиктирип беришти. «Алты көйнөк баш кийимдери менен жалпы 20 миң сом болду», — деди 30 жылдыкка келген Римма Рысбаева.


Ал эми ушул мектептин 1997-жылкы бүтүрүүчүлөрү мектептин курулушуна керектөө үчүн 2 тонна цемент алып беришти.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу