Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде быйыл 11-класс комплект жок болгонуна байланыштуу мамлекеттик аттестация 9-класстарда жүрүп жатат. Аттестация менен бирге мектепте “эмгек чейреги” башталды.
Окуучулар менен мугалимдер класстарын ремонттоп, 2017-2018-окуу жылына даярдана башташты.
“Эмгек чейреги” 6-7-8 жана 10-класстарда жүрүп жатат. Балдар мектепке келип, тегерек четти тазалап, класстарын актап, сырдап, китептерди иретке келтирип, мугалимдерге жардам көрсөтүп жаткан учур.



Жайыл районунда мектептердин ремонтун райононун кызматкерлери менен башчысы кабыл алышат.
Ремонтун бүтпөй калган мектептерге кошумча убакыт берилет. Андан кийин кимдин мектебинин ремонту жакшы болсо, ошол мектептерге ар кандай сыйлыктар тапшырылат.
Кара-Суу орто мектебинин жамааты да бул сынактарда алдыңкы орундарга жетишип келген.
Быйыл да мектептин администрациясы, коллективи ремонтту аяктап, келе жаткан окуу жылына даярдыктарды көрүп жатышат.
“Ак кептердин” атынан мектептин коллективине ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар: Чакчагаев С., Азаркулова Э.