Жайдын алгачкы аптабында Талас шаарынын тургундары кандай эс алууда? Бул тууралуу шаар тургундарына микрофон сунуп, маанайын сурап билдик.
Балдар бош убактысын кандай өткөрүп жатат, өзгөчө мектеп окуучулары эмне менен алектенип жатышат?


Талас шаарында балдардын жана чоңдордун эс алуусу үчүн «Эс алуу-сейил паркы» бар.
Мындай эс алуу жайларынын башкы максаты — калкты маданий-нравалык тарбиялоо менен катар алардын табият менен болгон мамилесин жакшыртуу жана ага канааттандыруу болуп саналат.


Көп жылдык бактардын көлөкөсү, аттракциондор жана башка эс алуу үчүн түзүлгөн шарттарда ата-энелер балдары менен шаардын ызы-чуусунан алыстап, балдар эс алып, көңүл ачышы үчүн жомоктогудай таза дүйнөгө кире алышат.


Эс алуучу жайдын жетекчиси Нурбек Оторбаевдин айтымында, ал 2006-жылдан бери иштеп келет.
«Бошогон адамдар келип бала-чакаларын эс алдырып кетишет, биз болсо колдон келишинче аракет кылып ар түрдүү аттракциондорду орноттук», — деди ал.


«Мен эс алуу паркына ар дайым ата энем менен келем. Бул жердин таза абасы, көк чөпкө олтуруп эс алган жагат», — деди эс алып жүргөн мектеп окуучусу.
Талас шаарындагы парктарда эс алуучулардын жалпы саны дем алыш күндөрү орточо эсеп менен 100-200 адамды түзөт.
Даярдагандар: Камчыбекова Р., Эрнис кызы А.