Жайыл районунун Кара-Суу айылында мектептин имаратында 24 балага ылайыкташкан балдар бакчасы төрт жылдан бери иштеп келе жатат.
Бала бакчанын жетекчиси Айша Бекматованын айтымында, азыр бакчада 24 бала таалим-тарбия алып жатышат. Ата-энелердин, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жардамы менен бакчанын аймагы тосулуп, ар кандай эмеректер коюлган.

Бакчада райондук масштабдагы семинарлар, окуулар өткөрүлүп келе жатат.
Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун долбоору менен ачылган бакча айыл тургундарына кызмат кылып, ийгиликтүү иш алып барууда.
Даярдагандар: Бейшенбекова Гүлзаада, Азаркулова Элина.