Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан «Акбакай» жамааттык мультимедиа борборунун (ЖМБ) кабарчылары “Мыкты макала” сынагынан утуп алган смартфондорго ээ болушту.
Samsung Galaxy J3 үлгүсүндөгү смартфондорун элеттик кабарчылар 6-июнда колдоруна алышты. Смартфондорду сынакты уюштурган Бишкекетеги «Клооп Медиа» коомдук фондунун координатору Кызжибек Сыргаева тапшырды.
Терек-Суу айылынын төрт кабарчысы смартфон жеңип алышкан. Алар:

Смартфон жеңип алган Алтынай Калыбай кызы:
— Бизге сентябрь айында Азима эже тренинг өткөн жана смартфон сынагы тууралуу айткан, ошондон баштап макала жазып, аракет кыла баштадым. “Терек-Сууда окуучу пульт менен иштеген оюнчук машина жасады” деген макалам kloop.kg сайтына чыккандыгы үчүн жеңүүчү аталдым. ”Одноклассникиден” 236 добуш алгам.
Смартфон утуп алган дагы бир кабарчы Даткайым Эрнис кызы:
— Мен ”Одноклассникиден” 127 добуш алгам. Чынында аракет кылгам смартфон утканга аябай аракет кылгам. Смартфон сынагы тууралуу Луиза эжеден угуп аракет кыла баштагам.
Мыкты макала сынагы — Бишкек шаарындагы “Клооп медиа” коомдук фондунун журналистика мектебине катышып келген тренерлер өткөргөн сынак. Сынактар 2016-жылдын сентябрь айында башталып, алты айга созулган.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы