Сокулук районуна караштуу Жал айылында башталгыч класстын окуучулары үчүн атайын лагерь ачылды.
Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев орто мектебинде башталгыч класстардын окуучулары үчүн лагерь ачылды. Лагерге алты жаштан он жашка чейинки 30дай бала кабыл алынган. Анда эки класска бөлүнүп окушат. Бири кыргыз класс болсо, дагы бири орус класс.


Лагердин күн тартиби төмөнкүчө:

Лагердин уюштуруучусу, аталган мектептин мугалими Гүлсыйна Сатарова:
— Мен башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде лагер балдар үчүн ачылган атайын ата-энелерге жардам катары. Ата-энелер тарабынын бир маал ысык тамак берилет. Балдар эртең менен келишип, ден соолуктарын чындашат жана маалымат алышат, ар түрдүү кыймылдуу оюндарды ойношот жана сүрөт тартышат, бий билешет, кино, мультиктерди көрүшөт. Бул лагерь айыл өкмөткө тийешелүү эмес, мектеп ичиндеги эле ата-энелердин тарабынан уюшулган. Лагерди эки класска бөлүп ачканбыз, кыргыз жана орус кылып. Биз бул лагерди дагы кичине чоңойтолу дегенбиз, балдар абдан кызыгуу менен кабыл алып жатышат. Быйыл эки класс менен ачылып атсак, эмки жылы балдарды дагы кызыктырып чоңойтсок деген жакшы максаттарыбыз бар.
Назгүл Усубакун кызы, кыргыз тил мугалими:
— Биз Гүлсыйна эже экөөбүз быйыл мектеп алдында уюшулган лагерде балдар менен иш алып барып жатабыз. Ишибиздин максаты — кээ бир ата-энелер иштейт, убактысы болбойт, ошондо жакшы экен түшкө чейин карап берип балдарды алаксытып жана өнүгүү жагынан өстүрүп ойнотуп, сүрөт тарттырып, конкурстарды уюштуруп, экскурсия кылып. Алдыда лагерь боюнча ишибизди кийинки жылы дагы класстарды көбөйтсө боло тургандыгын максат кылып жатабыз. Ата-энелер менен сүйлөшүп, кичине оюнчук, көрсөтмө курал-жарактардан жардам алсак болот экен.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы