Балдар бул биздин келечек, аларды коргоо биздин милдетибиз. Жыл сайын 1-июнь «Балдарды коргоо күнүнө» карата иш — чаралар болуп келет.
Ар бир баланын балалыгы таттуу көз ирмемдер менен коштолушу абзел. Жыл сайын жер — жерлерде 1 — июнь балдарды коргоо күнүнө карата иш — чаралар болуп турат. Бул жылы айылыбызда да балдарды майрамы менен куттуктап чакан концерттик иш — чара уюштурулду.
Бул иш — чаранын уюштуруучуларынын Калназар Арипбеков буларга токтолду:
«Бул чакан иш-чарабыз бүгүнкү майрамга арналган. Эң башкы максатыбыз балдардын көңүлүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулоо. Балдарга атайын балмуздак таратылды. Бул иш — чара мектеп жамааты жана айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган»,- дейт өз сөзүндө.
Иш-чаранын негизинде мектеп окуучулары ыр-бийлерди аткарып жатышты. 
Бүгүнкү күн тууралуу балдарга суроо узатканыбызда Айжамал жана Гүлбийке төмөндөгүдөй жооп беришти:
«Бизге бүгүнкү күн абдан жакты. Бекер балмуздак да таратылып жатат. Бул жыл сайын уланышын каалайбыз»,- деп өз ойлору менен бөлүшүштү.
Мектеп окуучусу Азирет Орденбеков да буларга токтолду:
» Мен 6 — классынын окуучусу болом. Бүгүнкү күн абдан көңүлдүү өтүп жатат. Баарыбызга абдан жакты»,- деп кубанычы менен бөлүшүп өттү.
Мектепке келген балдардын бардыгынын маанайы ачык жүрүштү. Мектеп мугалими Ашыралиева Тоюнкүл эже буларга токтоло кетти:
«Бүгүн мектепке көп балдар келишти. Аларга атайын чакан концерт да уюштурганбыз. Бардыгынын маанайы ачык, жүздөрүндө күлкү. Бул саамалык жыл сайын уланат деген ойдобуз»,- деди.
Даярдаган: Альбина Болот кызы
Сынак үчүн