Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Чыңгыз Айтматов – жер шаарынын атуулу» республикалык сырттан өтүүчү видеороликтер (видео сюжеттер) сынагына Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинин да окуучулары активдүү катышышты. Бул сынактын уюштуруучулары болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борбору эсептелет. Сынактын негизги максаты Кыргызстандын адабий жана маданий мурастарына аяр мамиле жасоону калыптандыруу, окуучуларды адептүүлүккө тарбиялоо, ал эми сынактын негизги милдеттери Айтматовдун сиңирген эмгегин даңазалоо, окуучуларды анын эмгектери менен тааныштыруу жана окуучулардын окуу маданиятын жана анын бийиктигин жогорулатуу, мектепке болгон көз карашты өстүрүү, дүйнөлүк жана кыргыз адабиятына салымын кошкон жазуучу, өз мекенинин атуулу менен жаш муундарда сыймыктануу сезимин өстүрүү, окуучуларды Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык мурасы менен, аны чыгаан жазуучу, ойчул, коомдук жана маданияттык ишмер катары тааныштыруу. Сынактын жооптуу органдары болуп сынактын уюштуруучу комитети жана эксперттик комиссия эсептелет. Сынак 2018-жылдын 1-октябрынан 25-ноябрга чейин өткөрүлөт жана 7-11-класстар арасында өтүүдө.
Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары репортаж, интервью жана слайд жасашты, ошондой эле Айтматовдун чыгармаларын аткарып, видеолорду тартышты. Тартылган видеолор мектеп администрациясы тарабынан тандалып, жогору жакка жөнөтүлдү.
Сынак үчүн тартылган Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-а классынын окуучуларынын репортажы.
Даярдаган: Муктарова Аймырза