9-майда Базар-Коргон районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына арналган «Өлбөс полк» жөө жүрүшү өттү.
Жеңиш күнүнө арналган бул парадга Базар-Коргон районун администрациясынын башчысы Айбек Бегимкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Масабиров Таалай, райондун прокурору Садык Сатыбалдиев райондун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов Тынычбек, акимдин орун басары Адышова Замира айыл чарба департаментинин башчысы Авазбек Палванов, Аппарат жетекчиси Исмаилов Субан, Базар-Коргон райондук РЭСтин жетекчиси Парманов Жолборс жана райондогу мекеме уюмдардын жетекчилери катышты.
Ар бир мамлекеттик ишканаларда иштегендер, айыл аймактарынан келген мугалимдер, жарандар жөө жүрүшкө катышты.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө иштеген кызматкерлер, билим берүү мекемелеринде иштегендер өздөрүнүн чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп, «Өлбөс полктон» өтүштү.
Жеңиш майрамына арналган аянтка келгенде, эстеликтерге гүлчамбарларды коюу аземи болду.

Согуштан кайтып келген ардагерлерди тосуп алып, орундуктарга отургузулду. Азыркы кезде райондо 11 ардагер, 9 орукта иштеген баатырлар калды. 



«Бүгүнкү майрам ар бирибиздин жүрөгүбүзгө туйгу салып, көздөрүбүзгө жаш айланткан майрам. Биздин район өткөн жылы да «Өлбөс полк» жөө жүрүшүн уюштурганбыз. Быйылкы жылы да уюштуруп биз үчүн курман болгон чоң аталарыбызды эскердик. Дайыма согушта курман болгондорду унутпайбыз. «Эч качан эч нерсе унутулбайт» деген ураан ар бир инсандын жүрөгүндө дайыма болсо керек. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Шариповичтин жарлыгы менен он бир согуштун катышуучусуна жыйырма миң сомдон акча, ал эми орукта эмгектенгендерге он беш миң сомдон акча берилди. Заманыбыз тынч болсун, элим аман болсун, эч качан согуш болбосун. Майрамынар менен!»- деп билдирди аким Айбек Бегимкулов.
«Бүгүн 9-май бир эле кыргыз эли үчүн эмес бүткүл Советтер Союзу, дүйнө жүзү үчүн орду бар майрам. Бул майрма бир жактан кубанычтуу болсо, экинчи тараптан чоң жоготууга учураган, жалпысынан алганда 50 милилонго жакын адамдын өмүрүн алган согуш болгон. Акыркы эки жылдан бери бизде да эң жакшы майрамдалып жатат. Жакшы уюштурулуп, аталары, чоң аталары келбей калгандардын балдары, неберелери, кыздары келип, «Өлбөс полкко» катышып өздөрүнүн ата-энеге, чоң ата, чоң энеге болгон ыраазычылыктарын билдирип, рахаттанып, сыймыктанып келип отурушат. Билим берүү мекемелери да толук катышып жатышат. Алдын- ала түзүлгөн иш-чаралардын негизинде, ар бир мектепте эскерүү кечелери, жөө жүрүштөр, эстеликтерге гул чамбарларды коюу салтанаты өткөрүлдү. Дүйнөдө согуш болбосун, асманыбыз ачык, келечегибиз кең болсун!»-деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов.
«Менин атам Шеркулов Асан социалисттик эмгектин баатыры болгон. Раматылык атам болгондо 96 жашка чыкмак. Атамын көзү өтүп кеткенине өкүнөмүн. Мекен үчүн, Кыргыз элинин гүлдөшү үчүн ак эмгек кызмат кылган. Жогорку Кеңештин указы менен 1948-жылы Социалисттин баатыры деген наам берилген. Ленинградды бошотууга катышкан, Польшага, Кореяга чейин барып келген. 1945-жылы август айында кайтып келген. Атам Базар-Коргон районунун Чкалов айылынан фронтко кеткен экен,»-деди эң кичине уулу Баатырбек Шеркулов.
Мен бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына катышып олтурам. Себеби, менин атам Нарматов Токтосун ушундай жарык күнгө жеткирген инсан. Согушта 1942-1945-жылга чейин болгон. Бутуна ок тийип, Ленинградда госпиталда жатып, андан келип мектепте иштеген, лесхоз «Кировдо» иштеп татыктуу эс алууга чыккан. Жети баласы, 34 небереси 66 чебереси, 5 эберенин чоң атасы. Мен атам менен сыймыктанамын. Ар бир күндүн таңында атамдын өмүрүн узартуусун суранып келем. Биз Арсланбоб айыл аймагынан келдик,»-деп билдирди Ханзада Давранова.
Базар-Коргон районунун аскердик комисары подполковник Муратов төмөндөгүлөргө токтолду: «Биз мына азыр Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыга арналган салтанаттуу кечеде турабыз. Район боюнча 11 ардагер калды, орукта катышкандардан 9 баатыр бар. Ошолордун баарына Коргоо Комитетинен келген төш белгилерибизди тапшырдык, ошондой эле Ошто жайгашкан Россиянын элчилигинен келген белектерибизди таркаттык. Азыр аксакалдарга согуш мезгилинде берилген солдаттардын ашын даярдадык, салтанаттуу аземдин соңунда ардагерлерге беребиз. Даам таатып кетишет.»

Базар-Коргон районунун акими Айбек Карыбекович ардагерлерге төш белгилерин тапшырды.
«Мен бүгүн атамдын сүрөтүн көтөрүп чыктым. Атам Умаров Талипбай 1941-1946-жылга чейин Германияда болгон. Беларуссияда биринчиси далысынан, экинчи жолу көзүнөн жарадар болгон. Берлинге чейин барган. Мен да атамын жолун жолдоп, аскерде кызмат кылып, Баткен окуясына катышып, баатыр деген наам алганмын. Мен атам менен сыймыктанамын,»-деп билдирди Баткен согушунун ардагери Сапарбай Умарбеков.
«Мен Кеңеш айыл аймагындагы 1-Май айылынан келдим. Аксакалдарыбыз азайып баратат. Балдарыбыз тынч болсун, эч жамандык көрүшпөсүн. Согуш болбосун, эч качан биз көргөн согушту силер көрбөгүлө балдарым Майрамынар менен!»-деди Жумабек Сейиткулов.
Салтанаттуу аземдин экинчи бөлүгүндө концерттик программалар менен ардагерлерди кубантышты.



Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ
сынак үчүн