Орок айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиш күнүнүн 74-жылдыгына карата майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Сыдыгалиев Үсөнбек-профессор КГУСТА:
10-жылдан ашык Жал айылында совхоздун директору болуп иштегем. 40-жылдан бери Жал айылында жашап келем. Бүгүнкү күнү айыл өкмөтү,айыл-башчылары тарабынан 9-май майрамы өткөрүлдү. Жеңиш күнү эң чоң майрам. Аталарыбыз,агаларыбыз өзүнүн канын төгүп,бизге жакшы турмушту жеңип берди. 74-жыл тынчтыкта жашап жатабыз. Кандай чоң деңгээлге жетип,эгемендүү болуп осуяттарыбызды сактап өнүгүп келүүдөбүз. Уюштуруучуларга, мектеп директоруна, мугалимдерге, окуучуларга чоң ырахмат-деп айтты.
Акжолова Гульмира-Жал айылынын тургуну:
Бүгүнкү майрамыңар менен куттуктайм. Мен 2017-жылдан бери Жал айылда үй салып, жашап жатам. Айылда бүгүнкү салтанатта айыл өкмөтү тарабынан, биз үчүн согушта жанын аябай ушул тынчтык жашоону жеңип берип, өз жерлерине кайтпай калган ата-бабаларыбызга куран окутуп жатат. Бул да болсо, жакшы саамалык. Айыл өкмөтүнүн жамаатына чоң ыраазычылык. 4-жылдан бери айылда өтүп жаткан майрамдар мектепте өтөт. Андыктан мектеп да өркүндөп өссүн демекчимин-деп оюн билдирди.
Жумалиев Бусурманкул-Жал айылынын тургуну:
Айыл өкмөтүнүн өткөрүп жаткан 74-жылдык согуштан кийинки юбилей, бул өзү абдан ыйык бирден-бир адамзаттын жашоосунда экинчи согуш келбей тургандай тилегибизди айтат элек. Мына бүгүнкү өткөзүп жаткан айыл өкмөтүнүн, жалпы элге өзүнүн кызматын кылып, кийинки жашообуздагы ушундай жакшылык менен гана өтсүн деген тилегимди айтаар элем. Мындан ары эч убакта согуш болбой, жакшы турмушта жашап өтөлү деген тилекти каалайм сиздерге-деп оюн билдирди.
Орозбекова Дамира -Жал айылынын тургуну:
Бүгүн биздин Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиябызда орок айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган 9-майга карата, бизге ушул күндү алып келген аталарыбызды, жоокерлерибизди, баатырларыбызды эскерип майрамдык иш чара өттү. Ал иш чарага биздин мектептин жана Орок орто мектебинин окуучулары активдүү катышып беришти.
Айыл өкмөтү колдоп, ушундай иш-чаралардын башында туруп бергендиги чоң сыймык. Мындан ары да ушул тарыхыбызды биздин ата-бабаларыбыз баскан жолдорун кийинки муундарга айтып, өткөрүп берүү биздин милдетибиз деп эсептейм. Баардыгыңыздарды Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Бул күндү бизге тартуулашкан ата-бабаларыбызды эч качан унутпайбыз. Ар дайым жүрөгүбүздө сакталат-деп айтып кетти.
Калдыбаев Назарбек-Орок айылынын тургуну:
Ушул Жеңиштин 74-жылдыгына айыл аксакалдарын чакырып, айыл өкмөтү майрам уюштурушту, аларга чоң ырыхмат. Оюн-зооктор уюштурулуп, жакшы өттү. Биздин айыл өкмөтүндө баары жакшы болсун. Мындан кийин экинчи согуш болбосун. Бизден кийинки балдар, неберелерибиз ошол согушту таакыр көрбөсүн-деди
Бейшембаева Фарида-Селекциянын тургуну:
Бүгүн биз кошуна мектебиз Мамыралиевге келип 9-май Жеңиш күнүнө карата эң жакшы иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Айылда болгон аксакалдарды, согуш күнүн көргөн карыларыбызды ушул жерге чогултуп Орок айыл өкмөтүндөгү эки мектептин окуучуларынан ыр-бий майрамдык белек тартууланды. Улуу Жеңиш күнү менен барыңарды куттуктайм-деп айтты.
Даярдаган: Элана Батырбекова