Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде Улуу Жениш күнүнүн 74 жылдыгы белгиленди . Ага айыл тургундары, метеп окуучулары, бала бакчанын тарбиялануучулары катышты.
Салтанат жɵɵ жүрүш менен башталып, ага катышкандар ардагерлердин сүрɵттɵрүн кɵтɵрүп «ϴлбɵс полк » акциясын улашты. Парадка чыккан жоон топ, айылда жайгашкан эскерүү аллеясына барып, эскерүү тактасына гүл десте коюшту. Андан сон Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Замир Нурманбетов улуу женишти тартуулаган аталарга таазим кылуу менен каалоо тилектерин айтты.
Улуу Жениш күндү бизге тартуулаган аталарга терен таазим. Сиздердин кажыбаган кайраттынар жана күжүрмɵн эмгегинердин, тайманбаган эр жүрɵктүүлүгүнɵрдүн арты менен ушул ачык асманга жетип олтурабыз. Сиздерге терен таазим! Мындан ары эч качан согуш болбосун. Баарыныздарга бекем ден-соолук, узун ɵмүр, ийгиликтерди каалайм.
Иш чара концерттик программа менен коштолуп мектеп окуучулары жана бала бакчанын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Улуу Ата Мекендик согуш 1941 –жылы башталып, узакка созулган кандуу салгылаш 1945 –жылы аяктаган.
Даярдаган:Айсулуу Нурматова