Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана орун басары Жаркын Ибраева 2-сентябрда спортчуларды кабыл алды. Непал шаарында волейбол боюнча өткөрүлгөн Орто Азия чемпионатында Кыргыз Республикасынын курама командасында оюн көрсөткөн эки нарындык оюнчуну кабыл алды.


Алардын жеңиши жалпы кыргыз элин кубандырганын баса белгилеп, кийинки оюндарда дүйнөнүн чемпиону болушун каалады. Айрыкча курама команданын катарында эки нарындык жигитке теңиртоолуктардын алкышы мол экенин айтып, өзүнүн жана өкүлчүлүктүн аппаратынын атынан ыраазчылыгын билдирди.

Курама команданын оюнчулары Азамат Жумабеков менен Муса уулу Темирге облус башчысы Аманбай Кайыпов 10 миң сомдук сертификат жана өкүлчүлүктүн ардак громатасын тапшырды.

Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматынан алынды.
Даярдаган: Дилде Шатанова