Шайлоо жакындаган сайын, шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу милдети ЖМКларга жүктөлгөн. Шайлоочулардын тизмесин тактоо, алардын милдеттери жана укукары тууралуу Кемин ФМ радиосунун эфиринде маалымат берилди.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бермет Сартова шайлоочулардын укуктары жана милдеттери тууралуу айтып берди. Ошондой эле, эгер кокустан шайлоочуөзүн тизмеден таппаса, дароо шайлоо участкасына кайрылуу абзел экенин белгиледи. Биометрикадан өтө элек жарандар үчүн да кеп-кеңешин бөлүштү.
Бул долбоор Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан каржыланып, колдоого алынган.
Даярдаган: Гульзат Байгазинова