Анара Жамгырчиева 15 жылдан бери шайлоолордо көз-карандысыз байкоочу болуп келет. Бул жылы шайлоого Форма 2 ге туруп, кайра дарегин Форма 1 ге которгон көрүнүштөр болууда деген байкоочу байкоочулардын иши тууралуу маек берди.

Анара Жамгырчиева 15 жылдан бери шайлоолордо көз-карандысыз байкоочу болуп келет
— Анара эже алгач өзүңүз жөнүндө маалымат берип кетесизби?
— Мен «Эгль» коомдук бирикмесинде Нарын облусу боюнча регионалдык координатор жана узак мөөнөттөгү байкоочу болуп эмгектенип келем. Бул бирикмеде байкоочу катары эмгектенип жатканыма 3 айдын жүзү болду. Негизи, 15 жылдан бери көз-карандысыз байкоочу болуп келем. Биз билгендей азыр шайлоого даярдык, агитация болуп жатат. Ошонун барына Нарын облусу боюнча байкоо жүргүзүп жатабыз.
— Эмне себептен шайлоолордо байкоочу болуп келесиз?
— Мен коомдо калыстыкты орнотууга аракет кылган адаммын. Анткени, 15 жылдан бери байкоочу болуп жүрүп топтогон тажрыйбам менен мен өзүмдү коомго керектүү кадрмын деп эсептейм. Бизде көп эле активдүү балдар партияга кирип кетип жатышат. Мен бир партияны жаман же бирөөнү жакшы деп айтпайм. Өкүндүргөнү, коомдо көз -карандысыз байкоо болбосо анда, адилеттүүлүктү орнотуу кыйын болуп калат. Көз-карандысыз байкоочулардын биринчиден авторитети жогору болот. Ал эми партия бүгүн бар, эртең жок. Бейтараптуу болуу ар дайым актуалдуу. Бугүн партиянын, эртең башка бир партиянын сөзүн сүйлөө менин принцибим эмес.
— 4-октябрда шайлоо болот эмеспи. Шайлоо тилкелери шайлоого толук даярбы?
— Биздин коомдук бирикме 4 өзгөчө категориядагы адамдардын шайлоого болгон укугу жана мүмкүнчүлүгү боюнча иштейбиз. Бул 4 категорияга мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар, сот өкүмү чыга элек айыпталуучулар, аскердик кызматы менен чек арада жүргөндөр, ден соолугуна байланыштуу ооруканада жаткандар, карылар үйүндө жашап шайлоого катыша албаган жарандардын укугун коргоо кирет. Нарында негизинен ошол категориядагы адамдар бар. Бул категориядагы жарандардын шайлоого катышуусу үчүн шарттар толук түзүлдү деп айтууга болбойт. Себеби, өкмөт 2019-жылы БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенциясын ратификациялаган. Аны кабыл алгандан кийин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды тузүп берүүсү керек. Бирок, тилекке каршы акча жоктугунанбы айтор бул милдеттер толук аткарылбай келет. Мисалы, бүгүнкү күнгө чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар көчмө урналар т.а добуш берүүчү жайдан тышкаркы жайдан добуш берип келишкен.
Азыр бир аз жылыш болуп, шайлоо участкаларына пандус орнотулуп жатканы менен ал пандустардын кээ бири стандарттарга жооп бербейт. Андан тышкары, көзү азиз жарандар үчүн Брайль шрифти менен бюллеттендер болушу керек эле. Ал жок.
— Азыр шайлоо тилкесинин сыртында коңгуроо орнотулуп, чоңойтуп көрстүүчү лупалар бар. Бирок, ар бир шайлоо тилкесинде кулагы жакшы укпаган, жакшы көрбөгөн, таянуу – кыймылдоо органдарына доо кеткен шайлоочуларга кандайдыр бир инструменттер болушу керек. Мисалы, сурдо котормо, видео маалыматтар берилиши керек. Бирок, тилекке каршы бул нерселер жок деп айта алам. Мындан улам, мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды электорат катары көрбөйбү же талапкерлер электорат катары көрбөйбү белгисиз. Мен мисалы партиялардын жыйналыштарына катышып жүрөм. Бирок, бул жарандардын муктаждыгын алар үстүртөдөн гана айтып коюп жатат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шайлоого катышуу укугун колдонуу кыйын болуп жатат.
— Шайлоо тилкелери пандустар стандарттарга ылайык курулуп жатканын айтып жатышат…
— Мен облус боюнча кыдырып чыктым. Эми кээ бир пандустар бир гана “галочка” үчүн курулуп жаткандай. Эптеп, эки мүшөк цемент алып келип, аны куюп коюшат. Анткени, шайлоо участогунда пандус болушу керек деген талап бар. Бирок, шайлоо тилкесинде пандус мындай стандартта болушу керек деген талап коюлбай жатпайбы. Ушул нерсе эң өкүндүргөнү. Кээ бир пандустарды карасаң, типтик эле бир неме. Андан муз тээп эле, ойноп түшчүдөй сезилет. Ага коляскадагы адамдар чыга албайт. Кармагычтары жок. Материалдары да сыймалак болуп туура келбейт. Эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүп жаткандай, бирок ага кылдаттык менен маани берип жасалып жатат деп айта албайм. Негизи, өзүбүздүн денибиз сак болсо эле, башка жарандардын муктаждыктарын байкабайт экенбиз. Азыр ар бир шайлоо участогуна барганда, дароо эле бул жактан кантип өтөм, кантип кирем деген тоскоолдуктарды көрүп жатам. Анан шайлоо тилкесине кирип, алар эмне кылышат, кантип киришет, кантип шайлашат деген суроону берсем эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үйдөн добуш беришет деген жоопту алам. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үйдөн шайлайт деп биз дагы отуруп калганда, алардын укугун ким колдойт?
— Сиздин баамыңызга ылайык, шайлоодо көпчүлүк учурда кандай мыйзам бузуулар болот?
— Мыйзам бузуулар көп болот. Эн биринчи орунда эле добуш сатып алуу турат. Акча берип жаткан бул далилдей алгыс нерсе экен. Мисалы, акча берип жаткан жерден кармасак ал айтат, мен карызымды берип жаткам.
Дагы башка көрүнүштө, акча алып жаткан киши “ооба менин добушумду сатып алып жатат” — дейт. Анын арызын алып, даттанып баштасаң, ал киши аягына чыкпайт. Кайра туруп, “ооба, карызымды алып жаткам” – деп коет.
Экинчи чоң мыйзам бузуу – шайлоочуларды ташып келип, добушун салдырып, акча, арак ж.б берген көрүнүш. Бул дагы чоң көйгөй. Шайлоочулардын аң-сезими өзгөрмөйүн мындай көрүнүштөр тилекке каршы боло берет. Үчүнчү чоң мыйзам бузуу – массалык добуш сатып алуу. Мисалы үчүн азыр бир партия мен силерге ушундай техника берем, үй берем айылыңар менен сатасыңарбы же колдоносуңарбы өзүңөр билесиңер. Мага айылыңар менен толук добуш бересиңер дейт. Албетте, ошол аймактагы 100% эл ал партияга салбайт. Анткени, ал аймакта дагы башка партиянын тарапташтары бар. Шайлоодон кийин, 100% добушту күтүп бирок, 30-40% добуш алган талапкер же партия баягы берген убадасын аткарбайт. Мына ушундай жол менен эл алданып калып жатат. Мындан тышкары, азыр шайлоочулар дагы кыйын болуп калыптыр. Форма 2 менен (ставкасы 100 сом экен) башка аймактан келишет экен дагы, шайлоо дарегин өзгөртүп бул жакка отурушат экен. Партиянын акчасын алгандан кийин, кайра өзүнүн аймагына барып Форма 1 ди кайтарып алышат экен. Азыр шайлоочулар деле тилекке каршы ар кандай жаңы методдорду ойлоп таап, абалдан чыгып кетүү амалын кылып жатышат. Мурун мындай көрүнүштөр болгон эмес.

Жамгырчиева:
Байкоочунун жүрөгүндө калыстык жана адилеттүүлүк болуш керек (Сүрөттө Нарын облусундагы байкоочулар менен бирге)
— Бардык эле көз-карандысыз байкоочулар өз приницбине турабы?
— Мен азыр облус боюнча координатормун. Мен байкоочуларга кодекске баш ийип, байкоочулук милдетти так аткаруусун айтып келем. Байкоочулардын кайсы бир партияга болгон колдоосу добуш берүү кабинкасынан сыртка чыкпашы керек. Добушун берип чыккан соң, көз-карандысыз байкоочулук милдетин татыктуу аткарышы керек. Ар кандай байкоочу болот. Көз-карандысыз байкоочу болуп туруп, бир убакытта 2-3 партияга иштегендер бар. Биз андай адамдарды байкоочулар тизмесинен чыгаруу аракетин кылып келдик. Көз-карандысыз байкоочунун “мен калыс болушум керек, адилеттүү болушум керек” деген жүрөгүндө оту болмоюнча, башка бир нерсени көздөп байкоочу болгон туура эмес. Менин өзүмдүн жеке принцибим бар – мен эч качан партияга иштебейм.
— Сиз 3 айдан бери байкоочу экенсиз. Айлык төлөнөбү?
— Жок, эл аралык стандарт боюнча байкоочу айлык албашы керек, албайт дагы. Бизге жол кире, байланыш сыяктуу чыгымдарга акча төлөнүп берилет. Ал эми мен регионалдык координатор болгонум үчүн мага айлык каралган.
— Коомубузда көз-карандысыз байкоочулар саналуу гана сезилет. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
— Бул жылы пандемиядан улам, көптөгөн коомдук бирикмелер шайлоого байкоочу катары катыша албай калды. Чындыгында, бүгүнкү күндө көз-карандысыз байкоочулар азбыз. Аз болсок дагы, учурда Нарын облусундагы көз-карандысыз байкоочулр биримдикте иш алып барууну сүйлөшүп жатабыз. Анткени, бир шайлоо участогунда бир гана байкоочу болсо аны тоготпой коюшу мүмкүн. Бирок, 4-5 жарандык байкоочу болсо, алар бир күч боло алат. Менин максатым, шайлоо комиссиялары жана партиянын өкүлдөрү менен урушуу эмес, өзүбүздүн принциптерибизди так аткаруу.
Партиялар шайлоо үчүн канча каражат коротту?
Сурамжылоо: Шайлоого кандай даярдыкта барасыз?
Эл өкүлдөрүн тандоого элдин аракети
Касиет Кубанычбек кызы