Климаты катаал, кышы 6 айга созулган Суусамырдын шартында билим алган окуучулар, окуудан тышкары ар түрдүү интеллектуалдык оюндар, конкурстарга катышып, билимин кеңейтишет. Алар үчүн мындай таймаштарды уюштуруп, кызыктыруучу белектерди тапшырып, стимул берген инсандар бар. Аида Медетбек кызы 5 жыл убакыттан бери Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин окуучулары үчүн “Акыл Ордо” интеллектуалдык оюнун өткөрүп келет.
Анын мугалимдик кесиби окуучулардын билимге кызыгуусун арттыруу үчүн чоң түрткү болгон. “Акыл Ордо” бир гана интеллектуалдык оюн эмес аны оюндун катышуучулары, айылдагы агай эжелер өзүнчө мектеп катары баалашат. Себеби, окуучулар бул долбоордон билимин гана кеңейтпестен, ынтымакка, адамдык баалуу сапаттарга ээ болууга үйрөнүп келишет.
“Акыл Ордо мектептин директору бир конкурс уюштурбайсыңбы деп сунуштап калып, анан кокустан телевизордон көрүп калып, уюштургам. Ошондо биринчи өткөрүлгөндө эле окуучулар абдан жакшы кабыл алып, аябай кызыгып, кийинки оюндарды күтүп, таймаш чоң бүйүр кызытуу менен өткөн. Кийинки жылы эле бүткүл Суусамырга өткөздүк. Кудайым буюрса быйыл 5 жылдыгын бергени турабыз, андан тышкары эми бир гана Суусамырда эмес бүтүндөй Кыргызстанга да жайылтуу планыбызда бар.”
Жеңүүчү окуучулар ноутбук, смартфон, фотоаппарат сыяктуу баалуу белектерге ээ болуп, КТРК каналында өтө турчу “Акыл Ордо” оюнуна жолдомо алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалыматтык турга барып келишкен. Таймашка катышкан ар бир окуучу, ЖРТдан жогорку баллдарды алып, бүгүнкү күндө өз чөйрөсүнүн мыктылары.
Каарманыбыз 2018-жылы “Мугалим-коомдун күзгүсү” аттуу Республикалык таймашта Чүй облусунун намысын коргоп чыгып жеңүүчү аталып, “Улут жүзү-мугалим 2018” наамын алган. Биринчи тандоо туруна 7 облустан 370ге жакын мугалим келип, анын арасынан 72 мугалим 2-турга тандалып алынып, финалдык 3-турга 16 мугалим өтүп, конкурс Бишкек шаарында уюшулган. Элеттик мугалимдин Республикалык таймашта жеңүүчү болушу анын мугалимдик тажрыйбасындагы эң чоң жетишкендиги экендигин баса белгилейт.
“Катышуучулардын эң кичүүсү мен 24 гана жашта болчумун. Эң улуусу 60 жашка барып калган, эл агартуунун отличниги, кандидаттыгын жактап койгон жогорку окуу жайдын мугалимдери эле. Аларды көрүп өзүмдү кишинин санын көбөйтүп эле жүрөм окшойт деп ойлонуп, алар менен таймашуу кыйын сезилген. Калыстар тобунун курамында да элибизге белгилүү, аттуу баштуу, Алиппенин автору Сулайман Рыспаев, кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев өндүү инсандар эле. Алардан да абдан сүрдөп, жеңем деген ой жок эле. Болгону өзүмдү татыктуу көргөзөйүн деп ойлогом. Конкурска катышып жатканым өзү эле чоң сыймык болчу мен үчүн. Ар бир номерде болгон күчүмдү жумшап, төгүлүп чачылып болгон талантымды көргөзгөнгө аракет кылгам. Ошентип 268 балл менен баш байгенин жеңүүчүсү дегенди укканда көздөн жаш тегеренип, жүрөктөр дүкүлдөп, өтө толкундангам. Ал таймашка катышканыма сыймыктанам, көптөгөн нерсени үйрөттү.”
Бир ордунда турууну каалабаган Аида, дайыма жашоосунда жакшы бурулуштар, карьерасында да өзгөрүүлөр болуусун мурунтан каалачу. Ал азыр мугалимдик кесипти таштап, дикторлук жаатта өзүн сынап, бул чөйрөнү жаңыдан өздөштүрүп, барган сайын кызыгуусу артып жаткандыгын айтты. Азыркы маалда борборубуздагы жаңы ишке кирген, белгилүү радиодо кызмат кылат.
“Мурун мугалим болсом, азыр таптакыр мурда тааныш эмес медиа тармагына кеткем. Радиодо эмгектенип жатам, 1 жыл 3 айдын жүзү болду. Нөлдөн баштадым десем болот, медиа тармагындагы карьерамды. Азыр көнүп, иштин көзүн таап, майын чыгара жасай турган деңгээлге жетип калдым десем болот. Бул дагы мага чек эмес, бардыгы акырындап болот, тез жетүүнү каалабайм.”
Муну менен катар каарманыбыз 1 кыз 1 уулду тарбиялап, бир нече жумушту чогуу алып кетүүгө, балдарына татыктуу тарбия берүүгө болгон күч аракетин жумшайт. Маегибиздин акырында буга чейин жасаган долбоорлорду өнүктүрүп, алдыда коомго пайда алып келе турчу иштерди жасоо, өзүн мындан ары өнүктүрүү өндүү пландары көп экендигин айтып жыйынтыктады.
Пандемия учурундагы аялдардын каармандыгы
Зыйнат Самар кызы