Шайлоого 3 күн калды. Учурда Талас облусундагы 117 шайлоо участокторунда даярдык иштери 100% аяктап калды. Кара-Буура районунда 28 шайлоо участогу бар. Бүгүнкү күндө баардык шайлоо участкаларында санитардык нормалар сакталып, келген-кеткен жарандардын коопсуздугу үчүн бет каптар, антисептик каражаттар даярдалган.
— Шайлоону мыкты даярдыкта өткөрүү багытында бизде көп иш чаралар уюштурулду. Шайлоо участогунда иштегендер окутулуп бүттү. Шайлоону таза, өз тартиби менен өткөрүү үчүн 3 күндүк окутуулар жүргүзүлүп, ага катышып, эң керектүү маалыматтарды алып, билимибизди жогорулаттык, -дейт №6026 шайлоо участогунун төрайымы Кундуз Мамбетова.
Шайлоону үзгүлтүксүз, катуу тартипте жана уюшкандыкта өткөрүү үчүн шайлоо участкалары техникалык жактан камсыз болушу зарыл, бул маселеге көңүл бурулуп, шайлоо участоктору керектүү жабдыктар менен камсыздалды.
Учурдагы эпидемиологиялык оор абалга байланыштуу ар бир шайлоо участогунда дезковриктер болушу керек. Шайлоочулар чечкен бет кап, кол каптарды утилизация кылуу үчүн атайын урна орнотулушу керек. Ар бир шайлоо участогунда медкызматкер болуусу шартка ылайык. Ал тепловизор менен келгендерди текшерип турат. Ошондой эле шайлоо участогунун ичи 2 жолу эртен менен эрте жана кечинде дезинфекцияланышы зарыл,-деп билдирди талас аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Таалайбек Сетеков.
Мурунку шайлоолор майрам күн катары массалык элдин чогулуусу менен коштолсо, бул шайлоодо ар бир шайлоочу добуш салуу менен бирге жеке саламаттыгын коргоого да көнүл буруп, жоопкерчиликти, тартипти жана тазалыкты бекем сакташы керек.
Мира Сейдикеримова