Талас өрөөнүнүн Манас районундагы дыйкандар негизиген жашылча-жемиш эгип, жылдык каражат табышат. Райондо өндүрүлгөн болгар калемпири Россияга, Казакстанга ташылат. Учурда болгар калемпиринин баасы 15 сом келишим баа менен Россияга ташылууда.
— Түшүм жаңы жыйнала баштаганда болгар калемпиринин алды 25 сомдон сатылган, азыр 15 сомдон келишим менен Россияга кетип жатат. Былтыр 25 сомдон 35 сомго чейийн баа көтөрүлгөн. Быйыл короновирус илдети болуп, чек ара жабылып, Казакстандан алып сатаарлар бери өтө албай, сатып алар киши жок кыйналып калдык, -дейт жергиликтүү дыйкан Рапил Темирбеков.
-Дыйкандарыбыз жыл сайын болгар калемпиринен сезондо жакшы киреше табышат. Былтыр күн ысык болуп, болгар калемпирлери түшүмдүү болгон, 1,5 гектардан 75 тоннага чейин түшүм жыйнашкан. Быйыл күн салкын болду, ага карабай дыйкандардын аракети менен түшүм менен жаман эмес, орточо болду. Ошондой болсо да жылдагыдай кардарлар көп келген жок, анын себеби учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, -деди Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Акназар Жалилов.
Түшүм быйыл орточо дегенибиз менен бир күндүк үшүк жүрсө дыйкандын 1 жылдык мээнетин алып кетет. Андыктан дыйкандар баары өз учурунда деп бат бузула турган болгар калемпирин баасы келип турганда талаага калтырбай сатып жатышат.
Быйыл Манас районунда 1000 гектардан ашык жерге дыйкандар калемпир эгишкен.
Учурдагы опурталдуу кырдаал эл аралык соода жаатына да өз зыянын тийгизип, дыйкандардын кирешесин азайтты.
Мира Сейдикеримова