Элибиздин башына оор сыноо түшүп, таажы ыланынын айынан мектептер толук кандуу окубай, окуучулар аралыктан билим алууну улантышууда.
Пандемиялык шартка карабай, санитардык эрежелерди сактап, пайдалуу долбоорлорду ишке ашырып жаткандар бар. Бакай-Ата районундагы Баратбек Жунусов атындагы мектепте айлана чөйрөнү коргоо агенттигинен каржыланган долбоор жүзөгө ашырылып, окуучулар практика жүзүндө ботаника, биология сабактарын терендетип үйрөнүшүүдө.
Баратбек Жунусов атындагы мектепте 500 окуучу окуйт. Мектептин айланасы бак аянты, так ушул бакты тамчылатып сугаруу үчүн суу толтурулган бачоктор орнотулуп, айлана чөйрөнү тазалыкта сактоо максатында таштандыларды, акыр-чикирлерди таштоочу урналар орнотулду. Мектептеги дагы бир чон жанылык окуучуларга экологиялык таза жер-жемиштерди, жашылчаларды берүү үчүн күнөскана курулууда. Мектеп окуучулары өз колдору менен жашылча-жемиштерди эгишкен.
Мектептин айланасын курчаган темир тосмо ширетилип жатат
-Окуучулар практика жүзүндө ботаника, биология сабактарын үйрөнүшүүдө. Биосинтез деген эмне, топурактын ролу, суунун табияттагы орду ж.б. Бул практикалык билим берүү балдардын тереңдетилген билим алышына шарт түзөт. ЭДолбоордогу башкы багыттардын бири мектептин ички жана тышкы аймагын жашылдандыруу, -деди мектеп директору Калиман Жунушалиева.
Учурдагы эпидемиолггиялык оор кырдаалда дагы келчекке умтулуп, жакшы тилек жарым ырыс деп келечек муундар үчүн керектүү долбоорлорду ишке ашырууга бел байлаган мектеп жамаатынын аракети мактоого арзыйт.
Мира Сейдикеримова