Түп районуна караштуу Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов 2014-жылы айыл башчы болгон. Ал айыл башчы болгондон тартып, эмне иштерди аткарганы жана 2016-жылга койгон пландары боюнча биз менен ой бөлүштү.

Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов айылдын өнүгүп жатканына салымын кошуп, башка айылдарга салыштырмалуу алдыга жылдыруусун бизге төмөндөгүчө баяндап берди.
«2015-жылдын жазынан баштап көп жумуштарды пландаганбыз, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн көчөттөрдү алып келгенбиз. Мен ар кандай проектилер менен чогуу иштеп, семинарларына катыштым. Айыл өкмөттүн эсебинен жолдорго таш төшөлгөн, мен оюмча, 2015- жыл жемиштүү жылдардан болду», — деп баяндады айыл башчы Албанов.
Алдыдагы 2016- жылга карата пландары жөнүндө бизге буларды айтып өттү.
«Былтыр 2015-жылы планга кирип, аткарылбай калгандарын аткаруу. Маданият үйүнүн кире бериштерин оңдотуу, китепкананын да кире бериштерин жана жаштар кабинетин оңдотуу. Биздин айылдын жаңы конуштарынын көчөлөрүн түзүү, айыл ичтериндеги көчөлөрдү түрттүрүү. Дагы ошондой эле салынып жаткан мектепти бүтүрүү», — Атабек Албанов.
Даярдагандар: Малика Турдубекова, Нурпери Нуркасым кызы, Нуриса Максат кызы, Адилия Мундукова.
Редактор: Дастан Оңолбеков
Сынак үчүн