Курама уулу Турусбек мектебинде химия, биология сабактарынан Акыл ордо болуп өттү. Бул акылдуулардын таймашына 8-10-класстар катышты.
Бул таймаштын жеңүүчүсү 9-класстын окуучусу Кылымжан Бекташова болду.
Таймаш жөнүндө уюштуруучу Нуржамал Казакбаева төмөндөгүлөргө токтолду.
“Акыл ордо интеллектуалдык оюнду балдардын аң-сезимин жогорулатыш үчүн, сабакты терең билиш үчүн, кызыгуусун арттыруу үчүн уюштуруп жатабыз. Мен ойлойм бул окуучуларга жакты. Бул оюн өзү кызыктуу, керектүү жана ушулурга предметти сүйүүгө дагы өбөлгө болот», — деди ал.
Калыстар тобунун мүчөсү Сүйүн Нургазиев окуучулардын ар тараптуу билимге умтулууда дейт.
«Бул интеллектуалдык оюнду уюштуруу мектептин иш-чарасына кирип калган. Окуучулардын ар тараптуу билимге умтулуусу боюнча уюштурулган. Биология, химия предметинен гана эмес башка предметтерден да уюштурулуп келүүдө. Окуучулар, залдагылар да кызыгуу менен жооп берип жатышты», — деп токтолду Нургазиев.
Бул таймаштын жеңүүчүсү Кылымжан Бекташова оюн өз эрежелери менен жүрдү деп эсептейт.
«Мен бул оюнга биринчиден олимпиадага барып келгем жана өзүмдүн билимимди текшерүү үчүн катыштым. Менде да толкундоолор болду. Бул оюн өз эрежелери менен жүдү деп ойлойм», — деди Кылымжан.
Сынакка катышкандар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, пайдалуу маалыматтарды алышканын билдиришти.
Даярдагандар: Гүлкайыр Коёнова, Сирена Акжолтоева
Сынак үчүн