Бүгүн Ак-Талаа районунун жалпы орто билим берүүчү 5 мектептин окуучулары маданият үйүндө ар кыл кесип ээлери менен жолугушту. Кайсы окуу жайда кайсы кесиптерге даярдайт, акысыз жана акы төлөп, күндүзгү, кечки, аралыктан окуу боюнча маалымат алышты.

Мугалим, дарыгер, суу жана мал чарба адиси, мамлекеттк кызмат, милиция, прокуратура, маданият тармагындагы адистер кесиптердин өзгөчөлүктөрү, кыйынчылыгы, жакшы жагы жана ийгиликке жетишкен жердеш ага-эжелер жөнүндө кененирээк токтолушту.
Жолугушууга мындан сырткары С. Нааматов атындагы НМУнун мугалимдери да катышып, окуу жайдагы факультеттер, окуудагы жеңилдиктер жөнүндө окуучулардын, ата-энелердин суроолоруна жооп беришти.

Жолугушуунун аягында ата-энелер, окуучулар балдардын келечеги үчүн кам көрүп, ушундай жолугушууну уюштуруп берген жергиликтүү жетекчилерге ыраазычылык билдирип, мындай иш чаралар керектүү учурда өтүлгөнүн белгилешти.
Даярдаган: Г. Мамытбекова
Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Көчүрүпбасууга тыюу салынат.