Кара-Суу айылында ачылган комуз ийрими тууралу айтып берели деп чечтик. Бул ийрим кантип пайда болгондугу тууралу айылыбыздын тургуну Султаналы Чакчагаевден алсак.
— Кара-Суу айылында комуз ийрими иштеп жатат. Бул ийримди айылыбыздын тургуну Үмүт Осмонова алып барып жатат. Ийримдин ачылышына «Ак кептер» медиа борборунун волонтерлору Элина Азаркулова жана Гүлзада Бейшенбекованын салымы өтө чоң.
— «Ак кептер» медиа борборунун бул эки волонтерлору Үмүт Осмонованы таап, бул кишинин комузда ойной турганын билишип, бизди комузга үйрөтпөйсүзбү деп, ал кишиден бир айдан бери сабак алып жүрүшкөн.
— Кийин алар ушул киши жөнүндө, өздөрү жөнүндө комузду кантип үйрөнүп жаткандыгы тууралу кичине репортаж жасап, айылга жарыялашты, ошондон кийин ата-энелер жана мектеп администрациясы ал кишини чакырышып, айылдын балдарына комуз үйрөтпөйсүзбү деп кайрылышып, азыр мектепте он бешке жакын балага комуз үйрөтүп жаткан убагы.
Ийримге катышып жаткан Кара-Суу айылынын жаш тургундарына микрофон сундук.
— Менин атым Нурай. Мен комуз сабагына өзүм кызыгып жүргөн болчумун. Ойлоп жаткам мага ким жардам берет деп. Анан мектепке комуз кружогу ачылганы жакшы болду.
— Салатсыздарбы, менин атым Назик мектепте комуз кружогу ачылды. Кружок ачылганы эки-үч күн болду. Биз «Жаштар маршы» күүсүн үйрөнүп жатабыз. Мага комуз абдан жагат.
Айылда биринчи жолу ачылып жатан комуз кружогунун жетекчиси Осмонова барган сайын балдардын саны көбөйүп жатканын айтат.
— Биз Кара-Суу мектебине комуз кружогун ачтык. Барган сайын балдар көбөйүп аябай жакшы болуп жатат. Азыр балдарга үйрөтүп жаткан күү «Жаштар маршы». Мурун эки-үч эле окуучу катышчу, азыр балдар кобойду.
Айылыбыздан чоң комузчулар чыкса экен деген ойдобуз. Ийримге ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар: Бейшенбекова Гулзада
Сынак үчүн