«Ак кептер» жамааттык мультимедиа борбору үркүн тууралуу берүүлөрүн улантат. Бул жолу үркүндө Кытайга качып барып келген, кыргыз жазуучусу Касымалы Баялинов тууралуу айтып бермекчибиз.
Жазуучунун өмүр баяны тууралуу ардактуу эс алуудагы мугалим Маскура эже менен маектештик.
— Касымалы Баялиновдун «Ажар» повести анын прозалык чыгармаларынын алгачкы чыгармаларынын бири. Касымалы Баялинов Ысык-Көл районундагы Көкмойнок айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Энесинен, атасынан ажырайт. Үркүндө эл менен кошо иниси менен кытай жерине качышат. Жетишсиз жетимдик турмуш баланы далай кайгыга салды. Эл ата конушуна кайта баштаганда эки инисин жетелеп, Касымаалы да жөнөйт. Удаалаш иниси Абдылда ачкачылыктан жолдон каза болот. Абдыбекти эптеп жетелеп Ат-Башыга жетип, андан Токмоко келип инисин балдар үйүнө киргизет.

«Ажар» повестинде эмне тууралуу баяндалат, ошол тууралуу кыскача айта кетсеңиз.
— «Ажар» повестинде жазуучу 1916-жылдагы кыргыз элинин азаптык үчүн күрөшүн, оор абалын көрсөтөт. Эне да, бала да Ала Тоосун көрбөй калды. Батма менен Ажардын бул тагдыры ондогон кыргыз аялдарынын тагдыры. Ал кезде Батмага окшоп бир чөйчөк талкан, жем, бир боо куурай үчүн өз өмүрүн кыйган кыргыз аялдары аз эмес.

Кыргыз аялдарынын башынан өткөргөн окуялары Ажар повестинде реалдуу түрдө көрсөтүлгөн.
Даярдагандар: Айзада Анвар кызы, Сабина Кадырбекова.
Сынак үчүн