Улахол FM жамааттык мультимедиа борборунда ар жума күнү айылдын имамы Сулайманов Расул түз эфирде элдерге ислам дини боюнча баян айтып жатат.
Ал ыйман сабагы боюнча мындай деди: “Жаш өспүрүмдөргө таалим-тарбия берүү жана азыркы глобалдуу маселе болуп жаткан диндин тескери агымдары менен күрөшүү, калайык калкка туура маалымат таратуу зарыл”.
Улахол FMдин кызматкери Мамытов Дүйшөнбек “Ыйман сабагы” жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Жалаң гана өзүбүздүн ырларды жана жаңылыктарды бере берсек эл тажайт экен, ошол себептүү элди дагы башка жаңылыктар менен камсыз кылуу максатында, кеңешип, бул берүүнү элге тартуулоону чечтик.
Айыл тургуну Чынгыз Алаков “Ыйман сабагы” жаштар үчүн пайдалуу деген оюн билдирди: “Бул “Ыйман сабагы” боюнча көз карашым түз. Мектепке “Ыйман сабагын” кирсе жакшы болор эле окуучулардын тартиби оңолот эле.
Даярдагандар: Жанылай Тилекова, Гулбарчын Тилекова