Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көчөлөрүн жарык кылып турган лампалары көптөн бери жараксыз абалда. Айыл өкмөт башчысы көчөгө жарыкты 15-ноябрга чейин калыбына келтирилээрин билдирди.
Буга чейин көчөгө жарык маселеси боюнча айыл тургундары бизге кайрылып, ал жөнүндө айыл өкмөт башчысы менен маек курган элек. Анда Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов көчөгө жарык май-июнь айларында коюлаарын айткан болчу. Бирок көчөгө жарык кайра калыбына келтирилбей калган. Себебин Турдукуловго кайрылып билип көрдүк.
Май айында көчөгө жарыкты оңдойбуз деген эленер эмнеге ишке ашкан жок?
— Жаңы транспорт мечиттин жогору жагына курулган. Ошонун жанындагы бир-эки столбадан зымды элдер кыркып, өздөрүно жарык киргизип алышыптыр. Ошого зым уласак жаңы лампаларды салабыз. Көчөнү 15-ноябрга чейин жарыктандырабыз.
Бул иш-чараларга канча каражат кетет?
— 15-20 миңдей каражат кетет.
Ал каражатты кайсыл жактан аласыңар?
— Могол айыл окуругун ар түрдүү чыгымдарынан кылабыз. Автоматтарды жаңылап, лампаларды салып иштетебиз.
Автору: Руслан Турсунбай уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн
Телефондон жазылды