Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Арстанбек Артыков бир жылдан бери карышкыр багып келет. Учурда анын колдо багылган бир карышкыры бар.
Андарак айылынын тургуну Арстанбек Артыков 2015-жылдан бери карышкыр багууда. Ал карышкырдын ургаачысын да, эркегин да багып келет. Баккан карышкырынын бирөөсүн былтыр кыш айында көмүргө алмашкан.
Биз Артыковдун өзгөчө өнөрү тууралуу маектештик.

— Бул карышкырды биз Лейлектин Жизген деген жеринен үңкүрдөн казып алганбыз. Ал жерден төрт бөлтүрүктү алган элек. Биз эки бөлтүрүктү өзүбүз чоңойтуп, бактык ал калган экөөнү башка бир адамга бергенбиз. Ал экөө башка жерде чоңойду, башка киши бакты. Бул карышкырларды кызыгып, кызыкчылык үчүн гана багабыз. Буларды кызыкчылык үчүн баккандыктан сатуу ойдо дагы жок. Булар иттей эле, тиштебейт. Аны байлап, өзүм менен ээрчитип жүрөм. Унаама дагы артып алып ары-бери барабыз. Бул үйрөтүлгөн, кадимкидей жуунтурабыз. Башка адамдарды көргөндө тиштебейт, бирок жатыркайт. Иттер менен аралашып жүрбөйт, иттер коркот. Азыр карышкыр короонун ичинде тордо турат.

Ал эми Артыков карышкырын эт, атала сыяктуу тамактар менен багып келет. Учурда эки карышкырдан бири калган, экинчисин көмүр кенине алмашканын айтат.
Анын ишенидиришинче, ушул күнгө чейин анын карышкырлары эч бир жандыка тийген эмес. Ал карышкарын кадимки иттей колго үйрөтүп бакканы менен аны бош коё бербейт. Тордо кармап, же байлап багат.

Артыков карышкырын ар дайым жаткан жерин тазалап, карышкырдын өзүн жууп тазалап турат.
Даярдаган: Азим Абдилазиз уулу
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн